// //

Келинчегимди кыз эмес алганымды эстеп уруш чыгара берем. Эмне кылсам болот?

2022.08.19, 14:25
18013

Саламатсызбы! Биздин баш кошуп жашаганыбызга 10 жылдан ашты. Балдарыбыз бар. Бул жылдар аралыгында  мен күмөн санап келгем, дагы деле ошол маселе. Келинчегимди кыз эмес алдым эле, ошол бойдон азыр деле кызгана берем. Эстесем эле депрессияга түшүп калам, элестетип эле жаман боло берем. Боорум ооруп аяп калам, кайра эстесем эле баягы ачуум келип, уруш чыгарып бөлөкчө болуп калам. Кыйналып кеттим, кандай кылышты билбей калдым. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.08.2022, 16:08

Виталий Пукаев

Психотерапевт

Кутмандуу күнүңүз менен!

Сиз жашооңузга, никеңерге, ортодогу мамилеңерге жана өзүңүздүн эмоционалдык абалыңызга олуттуу таасирин тийгизген, көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйдү айтып жатасыз.

Бул 10 жыл аралыгында сиздин баалуулуктарыңыз анча деле өзгөргөн эмес окшойт, айталы, сиз үчүн кыздык дагы деле бир нерсенин маанилүү “көрсөткүчү” жана “алтын стандарты” болуп саналат. Бирок, ар дайым эле андай боло бербейт.

Азап чегип, кыйналганыңызга карабастан, сиз бул фактка болгон мамилеңизди өзгөртпөй келесиз. Мындан тышкары, ар бир жолу ачуулукка алдырып, депрессияга дуушар болосуз.

Эгер кааласаңыз, адис менен иштешип, бул бул чындыкка ичиңизден эмне таасир берип жатканын билиңиз Өздүк бааңызбы? Сексуалдуулукпу? Көзөмөлдөө жана башкаруу сезимиби?

Буга байланыштуу өткөн чагыңызда кандайдыр бир травмалык тажрыйбаңыз бар болушу мүмкүн. Балким, сиз чоңойгон үй-бүлөдө сексуалдык жактан абдан катуу талаптар болгондур. Мындан башка көптөгөн нерселер таасир этиши мүмкүн, анын айынан сиз бул нерсеге такалып, андар ары чыга албай айланып жүрөсүз. 

Өткөндү өзгөртө албай турганыңыз - бул факт. Бирок сиз азыркы учурга таасир этип, окуяларга болгон мамилеңизди тандап, тиешелүү чечимдерди кабыл алаласыз.

Азыркы учурда сиз үчүн эң баалуу болгон нерсе эмне экенин билип, ичиңизде болуп жаткан сезимдериңизди түшүнүү үчүн адис менен кеңешиңиз. 

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт