// //

Тамак-аш запастарын туура сактоонун жолдору

2022.08.16, 12:38
1640

Кулинардык блогер Дарья Дорошкевич жаш жашылчалардан башкасын, бир нече айга ылайыктап сатып алса болорун айтат. Ал ошондой эле ар кандай тамак-аш запастарын канча убакытка чейин сактоого болору боюнча лайфхактары менен бөлүшкөн.

Кургак азыктарды сактоо жолдору 

  • Дан эгиндери

Дан эгиндерин желим баштыктарда сактоого болбойт. Аларды айнек идиштерге салып коюш керек. 

Дан эгиндер жакшы сакталышы үчүн, ар бир банкага лавр жалбырагын, кара калемпирди же жыпар жыттуу жана майдаланган сарымсак тиштерин кошо салып койсо болот. Эгерде дан майда болсо, анда чай фильтрине же марлиге ороп салып коюуу жетиштүү.

  • Кургатылган козу карындар

Козу карындарга лавр жалбырагын, калемпирди, сарымсакты да кошуп, айнек идишке сактайбыз.

  • Ун

Унду герметикалык идиште (аба кирбей жана чыкпай турган кылып жылчыксыз бекитүү) сактоого болбойт. Ошондой эле, аны балконго дагы сактабайт. Унду кагаз баштыкта, бирок кургак, караңгы жерде же оозун марли менен жаап айнек идиште сактоо керек. Ун жыттарды өзүнө жакшы сиңиргендиктен, аны сактай турган жерди кылдаттык менен тандоо керек.

  • Кант

Кантты айнек идиште сактоо эң жакшы, аны жаап койсо болот. Бир гана эскертүү: кант ар кандай даамдарды сиңирип албашы үчүн татымалдардын жанында сакталбашы керек.

  • Чай

Эгер сиз көпкө сактоо үчүн чай сатып алсаңыз, баарын ачып салбаңыз. Даамын, жытын сактап калуу үчүн атайын баштыктарда сактолганы жакшы. Чай айнек идиштерде эң жакшы сакталат.

  • Кургатылган жемиштер

Кургатылган жемиштерди мүмкүн болсо вакуумда сактоого болот. Пахтандан жасалган баштыктарга салып, нымсыз салкын жерге да сактаса туура. 

Жашылчаларды жана жемиштерди сактоо

  • Картошка

Картошканы тордо сактоого болбойт, бирок желим эмес пакеттерде сактаса болот. Баарынан маанилүүсү, ал салкын (12-15 градустан ашык эмес) караңгы кургак жерде жакшы сакталат.

  • Сабиз, кызылча жана пияз

Бул азыктар учурда жаш, алар муздаткычта сакталышы керек. Жакшысы бул жащылчаларды көп өлчөмдө сатып алып кереги жок. Күзүндө кургак жерде сактоого болот. Сабиз менен кызылчаны кум салынган кутуда сактоо сунушталат.

  • Цитрус

Цитрус жемиштерин муздаткычта сактоого сунушталат.

  • Помидор

Муздаткычта сакталбаган помидордун даамы жакшы болот. Бирок мындай жол менен алар тез бышып жетилип, жарактан бат чыгат.

  • Бадыраң

Бадыраңды муздаткычта сактоо керек.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт