// //

Кредитти төлөш үчүн Россияга чыксам, чек арадан өткөрөбү?

2022.08.11, 14:30
1813

Саламатсызбы! Банктан кредит алганбыз. Аны убагында төлөй албай калдык. Эми төлөш үчүн Россияга чыксак болобу? Чек арадан өткөрөбү? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.08.2022, 14:33

Бектур Базарбай Уулу

"Айыл Банктын" Бишкек филиалы кредит бөлүмүнүн башчысы

Саламатсызбы! Чет өлкөгө чыга берсеңиз болот, банк бул нерсеге тыюу сала албайт. Эң негизгиси убагында кредитти төлөп турушуңуз керек. Эгер төлөбөсөңүз банк сотко берет. Бул учурда көйгөй пайда болот. Ал эми кечиктирсеңиз туум кошулуп, айып пул салынат. Мындай учурда кредиттик тарыхыңыз бузулуп калат дагы, кийин кредит алуу кыйын болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт