// //

Күйөөм төрт айлык балама 600 сом алимент төлөйт. Эмне кылсам болот?

2022.08.09, 16:28
2160

Саламатсызбы! Күйөөм алименттин жарымын, болбогон 500-600 сом берет. Толук бер десем "балага жетет, сен өзүң жеп коесуң" деп бакырат. Кантип толук алсам болот? Балам төрт айлык, эч нерсеге жетпейт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.08.2022, 16:29

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

1) Соттун чечими боюнча алименттин өлчөмү канча болуш керек деп чыкты эле?
Анын бардык кирешесинин 1/4 бөлүгү дегенде деле, же туруктуу бир акчалай суммада дегенде деле минималдуу сумма 1970 сомдон өйдө болушу керек.

Анткени, КР Үй-бүлө кодексининин 86-беренесине ылайык "... эмгекке жөндөмдүү ата-энелер үчүн алардын жашы жетпеген балдарына өндүрүп алынуучу алименттин эң аз өлчөмү айына бир балага - бир эң аз эмгек акыдан кем эмес" болушу керек деп көрсөтүлгөн.

А эң аз эмгек акынын өлчөмү болсо Кыргызстанда быйылкы 2022-жылга 1970 сомду түзөт.

Анын төлөбөй жаткан суммалары карыз болуп чогула берет.

1) Андыктан, бул жерде сиз сот аткаруучу менен тыгыз иштешиңиз керек. Канчадан бери нормалдуу төлөй элек? Ошонун карызынын таблицасын (расчет задолженности) алыңыз. Ошого жараша сот аткаруучу тиешелүү чараларды көрсүн.

2) Кааласаңыз, балага кеткен чыгымдын баарын (фактически) эсептеп, алименттин өлчөмүн көбөйтүп, туруктуу бир суммада, (мисалы 3000) болсун деп сотко кайрылууга да укуктуусуз.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт