// //

Алты кыздын атасы болгондон бери уйкум качты

2022.08.08, 16:39
9574

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Уулду болгусу келип уктабай жатат деп ойлодуңар, аа! Жаңылышасыңар, андай эмес. Алты ханбийкемди ар балэээден коргоп уйкум качат. Кыздарыма чаң жугузгум келбейт. Чоңойсо кантип турмушка узатаарымды билбейм.

“Ата, чачымды баягыдай кылып өрүңүзчү”, “Ата, бул көйнөктү алып бериңизчи”, “Ата, жомок окуп бериңизчи”, “Ата, мага “принцессанын” сүрөтүн тартып бериңизчи”, “Ата, карасаң мен минте алам”, кандай гана таттуу үндөр.

Алтоо тең мага жакын. Апасына курсагын тойгузганы эле барышат. Келинчегим кээде таарынып калат. Жумуштан эрте чыгам. Пробкада бир мүнөт туруп калсам жаман болом. “Ушул жерде тургандын ордуна кыздарым менен убакыт өткөрсөм кана”,- деп, кейийм.

Баары кичинекей. Ортолору бир-эки жаш. Төртөө эгиз. Убакыт кайда шашат билбейм. Ушунчалык бат чоңоюп жатышат. Биринчи тиши, биринчи кадамы, биринчи сөзү. Бирөөсүн да өткөрүп жибергим келбейт. Алты дептер ачып койгом. Ар бирөөнүн кылыгын жазып турам.

- Ата, мен Эльза болом.

- Бологой кызым.

- Анда мен Аннамын.

- Анна эч нерсени тоңдура албайт.

- Анда Эльза болом.

- Иии, мен Эльзамын. Атааа...

- Экөөң тең Эльза болосуңар а.

Мультфильм көргөндөн кийин, отуруп алып каармандарды бөлүштүрөбүз. Мындайда талаш-тартыш болбой койбойт. Айла жок дүкөнгө шоколадка жөнөйм. Апасы “үйдө конфет турат, дагы акчаны жок кыласың”, - деп урушат. Азыр келем деп чыгып кетем.

Кыздарын чанып уул эңсеген аталарга таң калам. Кыз бул кудайдын эң чоң белеги. “Аркаңан тукум калыш керек”, “Уул төрөп бербеген аялыңды кетирип, башкасын албайсыңбы” же “Кыздарың кийин турмушка чыгып кетет, жалгыз каласың” дегендер толтура. Аларды күнөөлөбөйм, бечаралар караңгылыкта калып кетеби деп боорум ооруйт.

Алдыда эмне күтүп жатканын билбейм, бирок бир нерсени так айта алам. Чачымды ак, бетимди бырыш басып, саксайган, балпайган абышка болгондо, жанымда ушул алты кызым турат. Бирөө таягым болот, экинчиси жетелейт, үчүнчүсү кийимдеримди которот, төртүнчүсү тамак жасап берет, бешинчиси ийне саят, алтынчысы сейилдетип келет. Ошондо баары мага суктанат.

Эки күндөн бери уктай элекмин. Кичүү кызым сыркоолоп калыптыр. Ал онтолосо, жүрөгүм канайт. Бүгүн жакшы уктады. Түнү менен кудайымдан ден соолугун сурап чыктым. Аялым эс ал деп урушат. Кантип бейкапар уктайм? Мен деген атамын, ал эми ата деген биринчи кезекте коргоочу!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт