// //

Жигиттин бою кыска, кыздыкы узун. Экөө үйлөнсө төшөктө көйгөй болбойбу?

2022.08.08, 13:01
8654

Саламатсызбы! Мен айыммын. Бир суроо бергим келди. Жигит менен кыздын ортосунда жакшы мамиле бар, бири-бирин жакшы көрүшөт. Бирок, кыздын бою жана салмагы эркектикинен чоңураак. Үйлөнгөндөн кийин төшөктө кандайдыр бир физиологиялык жана психологиялык дискомфорт болушу мүмкүнбү? Айталы, кызды кумарга батыра албай дегендей. Адамдардын сөздөрү кыжалат кылып жатат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.08.2022, 13:01

Роман Дадажанов

Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги 

Саламатсызбы! Сиздин сурооңуздан олуттуу бир көйгөйдү көрө алган жокмун.  Эгер жигиттин бою өтө эле кыска жана жыныс мүчөсү дагы ага окшоп кичинекей болуп калса, андрологго бир келип текшерүүдөн өтүп койсун. Эч кандай маселе жок болсо, анализдер жыйынтыгы жакшы чыкса, анда баары сонун. Элдин сөзүнө маани берип, кыжалат болбой эле койгула.  

Ден соолукта болуңуз!

Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы  @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт