// //

Апамдын күйөөмө жазган каты баарыбызды ыйлатты

2022.08.04, 16:57
21605

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Апам күйөөмдү өзгөчө жакшы көрөт. "Боорсогум" деп эркелетет. Ооба, күйөөм толмоч келген, курсактуу жигит. Күйөөм дагы жаш баладай сүйүнөт. Апама өтө жакын. Күн алыс чалып сүйлөшүшөт. Апам каза болгондо күйөөм башкача бакырып ыйлады. Ал үнү дале эсимде.

"Эне мээримин сенин апаңдан алдым. Өз апам мени чоң энеме таштап кетип калган. Ким экенин деле билбейм. Ар кайсы туугандын үйүндө каргыш угуп чоңойдум. Апаң экөөң мени жибиттиңер. Сен сүйүүң менен, апаң мээрими менен таш жүрөгүмдү жибитти." Күйөөм ушинтип айтканда таң калгам. Эмне дээримди билбей туруп калгам. Жаныма келип кучагына алганда көзжашым өзү агып кирди.

Апам оорудан узак оорудан улам кайтыш болду. Кыйналган жок. Жылуу төшөктө, неберелеринин, уул-келиндеринин маңдайында жылмайган боюнча узап кете берди. "Боорсогум келдиби, колумду кармасынчы" деп күйөөмдү жанына чакыртып алды. Анан байпагынын кырынан чогулткан тыйындарын алып чыгып неберелерине таратып берди. Дептердин бүктөгөн барагын күйөөмө карматты. Терең дем алды. Чыгарган жок. Апаа!

Айылдагы үй энсиреп калды. Байкем менен жеңем жашайт. Бирок чачын ак, бетин бырыш, көзүн мээрим баскан апам жок. Айылга баргым келбей калды. Күйөөм эле болбой, ар бейшемби күнү апамдын мүрзөсүнө алып жөнөйт. Жүрөгүм канайт. Куран окупа, бир сыйра ыйлап алып жөнөп кетебиз. Бул жолкусунда кат эсибизге түштү. 

Үйгө шашып келдик. Күйөөм курткасынын чөнтөгүнөн баягы баракты алып чыкты. 

"Боорсогум. Апаң сени таштап кетип жатат. Мен сени өзгөчө жакшы көрдүм. Кызым бекеринен таарынган жок. Келгенде эле мага кылган мамилең жакты. Ийилип гөлөчүмдү алып бере калсаң, жүрөгүм жылый түштү. Кызымдын сени менен бактылуу болуп жүргөнүн көрүп, мен бактылуумун. Оорусам дары ташып, суусам суу бердиң. Кызым экөөңө батамды берем, ыраазымын. Үйүңөргө барган сайын кой союп сыйлаганыңды көрүп ыраазы болуп кайттым. Катуу урушсам дагы апалап турдуң. Боорсогум, ушул адамгерчилигиңди жоготпо, кызымды ыйлатпа, болбосо таарынам. Көп жыл жашагыла. Менин артыман келгенге шашпагыла. Батамды берем." 

Күйөөм тиземди кучактап алып ыйлап жатты. Улуу балам атасын таң калып карап турду. Мен башын сылагандан башка аргам калбады. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт