// //

национализм ≠ национализм

2022.07.26, 15:52
1282

Россия Украинага кол салгандан бери «нацизм», «национализм», «фашизм» деген сыяктуу сөздөр көп колдонула баштады. Россия Украинадагы “атайын операциясынын” башкы эки максатынын бири аны “денацификациялоо” же улутчулдук көрүнүштөрдү жоюу деп жарыялаган. Орусиялык бийлик өкүлдөрү, анын ичинде РФ президенти В. Путин да бир канча жолу украиналык лидерлерди нацист деп аташкан, өлкөдө национализм, фашизм, нацизм өнүгүп кеткенин айтышкан. Бул үч сөз көп убакта синоним катары колдонулуп келет. Бүгүн бул үч түшүнүктүн айырмасын талдайбыз, эмне үчүн национализм дайыма эле жаман эмес жана бул идеология менен 1916-жылкы көтөрүлүш кандайча байланыштуу.

Национализм

Национализм — бул улут баарынан жогору турат деген идеология. Националисттер үчүн мамлекеттин негизи жана бийликтин булагы – бул улут.

Ботакоз Касымбекова, тарыхчы, Базель университетинин доценти:

«Француз революциясы (авт.: 14 июль, 1789-ж. – 9-ноябрь, 1799-ж.) — бул заманбап национализмдин башталган чекити. Ошондон тартып “улут” туурасында мамлекет куруунун жаңы системасы катары сөз кыла башташкан. Башкача айтканда, мурда монарх – кудайдын жердеги өкүлү жана бийликтин булагы деп айтып келишсе, ал революциядан кийин бийликтин булагы болгон монарыхтын ордун улут алмаштырган. Бул идеянын мазмуну – мамлекетти эми бир адам – король же падыша башкарбайт, ал өлкөдө жашаган адамдар башкарат».

Националисттер үчүн ички кызыкчылыктар жана улуттун муктаждыктары баарынан жогору турат.

Национализм өз алдынча алганда бейтарап түшүнүк.  Бирок, орус тилдүү чөйрөдө, андан соң кыргыз тилдүүлөрдүн арасында да  «националист» деген сөз терс мааниде коп колдонула баштады. Бирок көп учурда национализм одоно формага өтүп кеткен учурлар да жок эмес.

Фашизм

Фашизм Италияда пайда болгон: Биринчи Дүйнөлүк согуш убагында бул өлкөдө алгачкы фашисттик кыймылдар пайда боло баштаган. Фашизм мамлекеттин башкы баалуулугу бул демократиялык жол менен жетишүүгө мүмкүн болбогон улуттук биримдик деп эсептейт. Башында күчтүү диктатор турган тоталитаризм орнойт, мамлекетке жана жол башчыга сыйынуу күч алат. Фашизм режиминде мамлекет жана диктатор жеке адамдан маанилүү болот: жогорку максаттарга жетүүдө жеке адамдын өмүрү баалуулук болбой калат. Ал эми зомбулук менен террор саясий кызыкчылыктарды ишке ашырууда жана башкача ойлонгондорду басууда кадыресе куралга айланат. Фашизм учурунда милитаризация көрүнүшү орун алат, аскердик түзүлүштөр  куралып, согушту мамлекеттер аралык маселелерди чечүүнүн куралы катары көрсөтүшөт.

Нацизм

 «Нацизм»  деген сөз эки сөздүн кыскартылышынан келип чыккан —  «национал-социализма». Бул Адольф Гитлер башында турган Улуттук-социалисттик демократиялык жумушчулар партиясынын (нем. NSDAP, НСДАП) бийлиги убагындагы нацисттик Германиянын ультра оңчул идеологиясы.

Гитлердик нацизм Муссолининин фашизминен айырмаланган. Мында да улуттун артыкчылыгы, тоталитаризм, жол башчылык, мамлекеттин жана улуттун кызыкчылыгы үчүн жеке адамды басуу орун алган. Бирок буга дагы башка улуттарды төмөн саноо мамилеси кошулуп, аларды жок кылуу аракеттери да болгон. 

Украинада нацисттер менен фашисттер барбы?

Фашисттик идеологияга Украинада мыйзамдын негизинде тыюу салынган. 2020-жылы Украинанын коопсуздук Кызматы Гитлердин туулган күнүн белгилеп, синагоганы өрттөгөн херсон неонацисттерин кармаган. Алар 4 жылга соттолгон. Ооба, өлкөдө ашыкча оңчул партиялар бар, көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле, бирок алар шайлоолордо 3% чейинки гана добуштарга ээ болушат жана Радага өтүшпөйт.

А улутчулдук же национализмге байланыштуу абал кандай?

Бул «ксенофобия» деген сөздүн синоними эмес. Англис тилинде бул сөздүн мааниси «патриоттуулукка» жакыныраак. Бирок кайра эле, патриотизмдин биз түшүнгөндөй маанисинде эмес: тоталитардык режимдегидей өз өлкөңдү жана анын жетекчисин эч нерсеге карабай сокур сүйүү эмес.  Өз өлкөңдү, улутуңду сүйүү жана анын өнүгүшүн каалоо.

Анан дагы улут деген сөз “этнос” деген түшүнүк менен чектелбейт. Жарандык национализм деген түшүнүк бар.

Ботакоз Касымбекова, историк, доцент Базельского университета:

« Биз азыр көрүп жатабыз, ар түрдүү этникалык топтордун өкүлдөрү “Мен украинмин” деп көп айта башташты, мурда алар “мен Украинада жашаган орусмун” же Украинада жашаган афганмын” деп айтышчу. Украин деген — азыр генетика менен байланыштуу бир этнос эмес, бул азыр эркиндик, теңчилик жана плюрализм идеясы болуп калды. Азыр ал жакта адамдардын тең укуктуулугуна багытталган абдан көп мыйзамдарды кабыл алып жатышат, бул да жарандык саясий улуттун калыптанышы үчүн абдан маанилүү. Жана Украинада ал активдүү түрдө калыптанып жатат. “Жарандык саясий национализм» этнонационализмге абдан каршы келет, мындай улутчулдук этнонационализм расизмине каршы жана кайсы улуттан болбосун, диний ишенимине карабай  ар бир адам өзүн мамлекеттин бир бөлүгү катары сезишин колдойт».

Национализм кандай болушу керек?

Биз национализм бул жаман нерсе деп көнүп калганбыз. Анын терс формалары да бар:: ксенофобиия, шовинизм, өз улутун башкалардан артык көрүү, башка улуттарга карата басынтуу, зомбулук корсөтүү.

Бирок улуттук кыймылдарга ошондой эле өз маданиятыңды, тилинди өнүктүрүү, колониялык доордон кийин өз тарыхынды кайрадан калчап түшүнүү аракеттери, суверендүүлүгүңдү жана мамлекеттин бүтүндүгүн коргоо, өз өлкөңдүн келечегин эркин тандоо укугу да кирет. 1916-жылдагы көтөрүлүштү улуттук-боштондук кыймылы деп аташат. Бул Борбор Азия элдеринин Россия империясынан бошонуу аракеттери да национализмдин бир көрүнүшү болгон.

«Билесинби» редакциясы фашизм жана нацизм идеологиясын колдобойт. Бул материал агартуучулук максатта даярдалды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт