// //

Бул 5 ыкма депрессиядан чыгууга жардам берет

2022.07.25, 12:40
5219

Эч нерсе жакпайт, эч нерсени каалабайсың, үйдөн чыкканды бери кой, жадакалса жуунгуң келбейт. Бул абал тааныш болуп жатабы? Сиз жалгыз эмессиз. Депрессиядан жабыркаган адамдардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Бул нерседен кантип арылуу керек экенин психолог Виталий Пукаев айтып берет. Түз эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.

Сизди эмне бактылуу кылат, ошону менен алектениңиз

Өзүңүзгө жаккан нерсе менен алектенүү депрессия менен күрөшүүгө жардам берген ыкмалардын бири. Көңүлүңүзгө жаккан нерселерди жасасаңыз, өзүңүздү бактылуу сезесиз. Мисалы, ар бирибизде өзүбүзгө туура келген артыкчылыктарыбыз бар. Балким, сизге сүрөт тарткан жагат же спорт менен машыккан дегендей.

Жакындарыңыздан алыстабаңыз

Ооба, депрессия сизди досторуңуздан же үй-бүлөңүздөн алыстат, ортоңордогу байланышты үзкөнгө аракет кылат. Бирок жакындарыңыз менен баарлашууну токтопоңуз. Алардын колдоосу – эң мыкты жардамчы экенин унутпаңыз. Болушунча алар менен тыгыз мамилелерди сактоо абдан маанилүү. Ичиңизде болуп жаткан сырларды ишенимдүү адамдарыңыз менен бөлүшүңүз.  

Туура уктоого көңүл буруңуз

Уйку режиминин бузулушу депрессиянын алгачкы белгилеринин бири. Мисалы, туруктуу уйку көйгөйлөрү: көп уктоо же тескерисинче, уйкусуздук, аппетит жоктугу ж.б. Жакшысы бул учурда адиске кайрылып кеңеш алганыңыз туура болот. Өз алдынча аракет кылып көрсөңүз дагы жаман эмес. Мисалы, эртең менен эрте туруш керек болсо, адаттан эрте жатыңыз, график түзүп, аны сактоого аракет кылыңыз.

Көбүрөөк эс алыңыз

Тынчсызданууну токтотуунун көптөгөн жолдору бар. Өзүңүзгө ылайыктуусун тандаңыз. Эгерде жаратылышта сейилдөөнү жактырсаңыз, табият койнуна саякатка чыгыңыз. Бассейнге барып сүзүңүз, спорт менен машыгыңыз. Медитация жана йога дагы эс алууга жардам берет. Буга кошумча туура тамактаныңыз. Витаминге бай азык-ьүлуктөрдү тандаңыз.

Негативдүү ойлордон алыс болуңуз

Негативдүү ойлор бизди баарынан алаксытат. Натыйжада, маанайыбыз түшүп, чүнчүп кетебиз. Мындай ойлор сизди жей баштаганда, ага бөгөт коюу үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын жасаңыз. Бул үчүн “стоп” деген ыкма, медитация сыяктуу нерселер жардам берет.

Депрессиядан өз алдынча чыгуу оор болот. Андыктан, мүмкүнчүлүк таап психологго кайрылуу керек!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт