// //

Апам мени үйдөн чыгарбайт. Кантип түшүндүрсөм болот?

2022.07.11, 12:50
688

Саламатсызбы! Мага психологдон жардам керек болуп жатат. Мен 18 жаштамын. Учурда университетте окуйм. Менин апам менен болгон мамилем анча эмес. Эч жакка чыгарбайт. Мен да башка кыздардай болуп ийгиликтерге жетким келет. Бирок үйдөн чыгарбай тыйып, үй оокаттары менен эле алекмин. Акырын отуруп сүйлөшөйүн десем урушуп кирет. Күнүгө чырдашабыз. Мени уккусу жок.
Кантип бул жагдайдан чыксам болот? Кантип түшүндүрөм? Кантип мен да эл катары ийгиликтерге жете алам? Элдин апаларын көрүп суктанам. Ушунчалык түшүнүктүү, урушпаган апаларды көрүп менин да апам ушулар сыяктуу болсо деп кыялданам. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.07.2022, 12:50

Тамара Воронцова

Психолог

Кымбаттуум! Сизди жана апаңызды түшүнсө болот. Кандай гана эне болбосун кызы үчүн коркот, ал сизге ишениши мүмкүн, бирок жигиттерге, эркектерге ишенбейт, сизди психикалык травмадан, трагедиядан коргойт дегендей. Сиздин учурда ага түшүндүрүп, оюңузду далилдөөнүн пайдасы жок, кыязы, апаңыз  жаш болушу керек жана өзү эле кызын түшүнүшү керек эле...

Ортоңордогу мамиле достук мамилеси эмес окшойт. Мисалы, курбу катары киного, иш-чараларга, жадакалса кафеге деле барсаңар болмок. Балким, апаңыз ишенген эжеңиз, бир тууганыңыз, досуңуз бардыр? Адатта, кыздарды ушунчалык катуу кармаса, анда алардын теңтуштары менен баарлашуу тажрыйбасы жок болот жана тажрыйбалуу жигит аны оңой эле алдап коё алат. Мындай кыздар мамиле курууну жана эркектерди түшүнүүнү билбейт. Мага консультацияга ата-энеси ашыкча бастырбай катуу кармаган 27-30 жаштардагы кыздар келишет. Алар окуу менен үй, азыр болсо, жумуш менен үйдү гана билишчү. Эми болсо ата-энелери жана туугандары алардан эмне үчүн жигити жок экенин, турмушка чыкпай жүргөнүн сурашат.

Сзде чыгуу жолу бар - бир жактарга апаңыз ишенген адам менен баруу жана ар кандай курстарга - тил, кулинария, музыка, сүрөт тартууга жазылуу. Сиз университетте окуп жатканыңыз жакшы; ушул убакытты өзүңүзгө жаккан нерселерди үйрөнүүгө жумшаңыз.

Ата-энеңиз менен жашап, аларга көз каранды болуп турганда, алардын шарттарын аткарууга, угууга туура келет. Өз алдынча бөлүнүүгө азырынча шартыңыз жок болсо керек. Сиз дагы балдарыңызды өз эрежелериңиз боюнча тарбиялайсыз деп ойлойм, анткени алар үчүн сиз жооптуусуз.

Жөн гана үйдөн кетүү үчүн турмушка чыгууга шашылбаңыз. Бул учурда бир көз карандылыктан чыгып, жаңысына кабыласыз.

Бардыгы өз убагында болот, бирок азыр мүмкүн болгон нерсенин бардыгын үйрөнүп, өзүңүздү өстүрө бериңиз. Кийин кереги сөзсүз тиет. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт