// //

Бул 5 себеп эмнеге мырзалар урологго баргандан уяларын билдирет

2022.06.13, 16:27
2293

Урологго барыш керек дегенде эле оюңузга жаман нерселер келип, колдоруңуз титиреп, тердеп, кызарып чыгасызбы? Эмне үчүн мындай болорун уролог Нурбек Монолов айтып берет.

  1. Урологго жыныстык катнаш менен жашагандар барат дешет

Көпчүлүк урологго жыныстык катнаш менен жашагандар эле барат деп ойлошот. Ошон үчүн адиске келип көрүнгөндөн качып, оорутуп жатса дагы чыдап жүрө беришет. Бирок, андай эмес экенин айтып коеюн. Урологго кичинекей баладан баштап, карыгандар, аялдар дагы кайрылат. Анткени, жыныс мүчөдөн тышкары бөйрөк, табарсык деген башка көйгөйлөр дагы бар.

  1. Врачтар оорусун бирөөгө айтып коет деп чочулашат

Урологго кайрылгандан уялбаңыз. Биз ушак таратпайбыз, эч кимге айтпайбыз. Бизде врачтык жашыруун сыр деген бар. Медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык врачтык этиканы бузуп, врачтык жашыруун сырды жарыя кылгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

  1. “Эл эмне дейт?” же өнөктөшүнө айткандан уялышат

Көпчүлүк эркектер өнөктөшүнө өзүндө кандайдыр бир көйгөй болуп жатканын айткылары келбейт. Алысыз көрүнгөндөн уялып, ооруну акыркы убакытка чейин чоюп жүрө беришет. Жыйынтыгында тукумсуздукка чейин алып барган кесепттерге чалдыгышат. Ооруп жатасызбы, дароо кайрылыңыз. Ден соолукка кам көрүү биринчи орунда турарын унутпаңыз.

  1. Оору өзү эле өтүп кетет дешет

Ооруу өзүнөн өзү басылат деп ойлошот, интернеттен издешет же тааныштарынан кеңеш сурашат. Бул чоң жаңылыштык. Ар бир организм индивидуалдуу, бирөөнүн оорусу экинчисине окшошпойт. Бир нерсе тынчсыздандырып жатабы, дароо дарыгерге чуркап баруу керек. Оорутуу денебизде бир көйгөй бар экенин билдирет. Ошондуктан аны көрмөксөнгө салып койгон болбойт.

  1. Дарыгерге ооруганда гана барыш керек деп ойлошот

Бул жерден ата-энелерге кеңеш берет элем. Балдарыңарды профилактика үчүн кичинесинен баштап дарыгерге көрүнүүнү адат кылып койгула. Бул ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Көпчүлүк дарыгерге ооруганда гана барыш керек деп ойлошот. Бирок, ооруну алдын алуу, жылына бир жолу көзөмөлдөн өтүп туруу эң пайдалуу адаттардын катарын толуктайт.

Эскертүү! Дарыгерге барардан мурун гигиена эрежелерин аткарганды унутпаңыз: душка түшүү, таза ич кийим кийүү. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт