Жыныс эриндери бул себептердин айынан чоңоюп кетет
Төрөттөн, вульвиттен же гормоналдык бузулуудан улам кичине жыныс эриндери чоңоюп кетет. Эстетикалык жактан начар көрүнүп, жыныстык катнашка барганда ыңгайсыздык жаратат. Bilesinbi.kg бир нече гинекологдор менен байланышып, мунун себебин билип көрдү.
Кичине жыныс эриндеринин гипертрофиясы – бул кичине жыныс эриндеринин чоңоюп же узарып, чоң жыныс эриндеринин чегинен ашып, сыртка чыгып калышы.
Нормада кичине жыныс эриндери чоң жыныс эриндери менен толук жабылып турушу керек. Бирок, сыртка чыгып калган кичине жыныс эриндеринин баарын эле гипертрофия деп айта берген болбойт. Эгерде кичине жыныс эриндеринин көлөмү 5 смден (орточо эсеп) чоң болсо гипертрофия деген диагноз коюлат,.
Кичине жыныс эриндери чоңоюп кетиши мүмкүн:
- төрөттөн кийин;
- курч жана өнөкөт вульвит, лимфодермиттен;
- горманалдык бузулуудан;
- сезгенүүдөн;
- жаракат алуудан ж.б.
Ошондой эле, кичине жыныс эриндеринин гипертрофиясы тубаса же кийин пайда болот. Салмагы аз, ара төрөлгөн айымдарда көп кездешет. Алгачкы белгилери балагатка жетилгенде, жыныстык жашоо башталганда байкалат.
Кичине жыныс эриндеринин гипертрофиясы оору эмес, аялдын ден соолугуна эч кандай коркунуч туудурбайт. Айрым учурларда гана жашоосун оорлотушу мүмкүн.
Мисалы:
- жыныстык катнашка барганда оорутат;
- эстетикалык жактан начар көрүнөт;
- спорттун айрым түрлөрү менен машыга албайт;
- басканда ыңгайсыздык жаратат;
- Чапташкан ич кийим кие албайт ж.б.
Диагнозду гинеколог гана коет. Тилекке каршы, жыныс эриндерин өлчөмүн кичирейтүүнүн бир гана жолу бар – бейтаптын каалоосу менен гана ишке ашкан хирургиялык коррекция.
Ден соолукта болуңуз!