// //

Бул 7 кеңешти аткарсаңыз, акыр-аягы акча чогултасыз

2022.05.18, 11:43
9081

Эмне үчүн акча чогултушуңуз керек? Бул суроого биринчи кезекте жооп беришиңиз керек. Андан кийин гана төмөндөгү лайфхактарга өтө баштасаңыз болот. 

Акчаны башкаргыңыз келсе, аны өлчөңүз

Өзүңүзгө максат коюп, акча эмнеге керек экенин чечтиңиз. Эми алар каякка кетип, кайдан келип жаткандан кийин түшүнүү керек. Чыгаша менен кирешелерди тактап, канча сумма калганын билип, анан кийинки этапка өтүү керек. 

Дүкөнгө же базарга тизме менен барыңыз

Азыр азгырыктар көп, рекмалара жайнайт. Базарга же дүкөнгө киргенде эле "сатып ал, сатып ал" деген жарнамалар курчап турат. анан кантип азгырбай коесуң, туурабы? Бирок чечим бар. Бул үчүн керектүү нерселердин тизмесин түзүп, ага кирген нерселерди гана сатып алыңыз. Ошондо ашыкча чыгымдан арыласыз. 

Биринчи өзүңүзгө төлүңүз

Кирешеңиздин кеминде 10% үнөмдөшүңүз керек. Айлык аларыңыз менен ушул 10%ды четке алып койгонду адат кылыңыз. Коркпоңуз, кирешеңиздин 90%ына деле сонун жашай аласыз.

Тапканыңыздан азыраак коротуңуз

Аппетит тамактана баштаганда келет дегендей, канчалык көп тапсак, ошончолук көп чыгым боло баштайбыз. Ошондуктан, кирешелер чыгашаларга караганда тез өсүүсү үчүн чыгашалар менен кирешелердин ортосунда тең салмактуулукту сактоо маанилүү.

Колуңузда жок акчаны коротпоңуз

Колуңуздан келбеген нерсени сатып албаңыз, кеп карыз, кредит жана ысырапкорчулук жөнүндө. Албетте, сиз бир баалуу нерсе сатып алам деп азгырылышыңыз мүмкүн, анткени насыя алуу азыр абдан оңой. Болгону кредитти пайыздар менен төлөп берүү өтө көп убакытты талап кыларын унутпаңыз.

Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеңиз

Ай сайын кирешеңизди көбөйтүүнүн 10 жолун жазыңыз. Жаңы киреше булактарын табууга же жумушуңуздан учурдагы кирешеңизди жогорулатууга жардам бере турган мүмкүнчүлүктөрдү издеңиз. Көз караштарыңызды кеңейтиңиз жана жөндөмүңүздү өркүндөтүңүз: каржы боюнча китептерди окуңуз, бизнес клубдарга барыңыз жана жаңы адамдар менен таанышыңыз. Ийгиликтүү адамдардын жанында болуңуз.

Акча тууралуу позитивдүү ойлонуңуз

“Акча адамды бузат”, “ыплас акча”, “чоң акча жаман”, ж.б терс көз караштар жолуңуздар тоскоолдуктарды жаратат. Акчага болгон терс ойлоруңузду позитивке өзгөртүңүз, ошондо ишиңиз жүрүшө баштайт. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт