Кызыл китеби жок, бирок арзан жер сатып алсак эч нерсе болбойбу?
Саламатсызбы! Жаы конуштардан жер сатып алып жатканбыз. Бирок анын кызыл китеби жок экен, "даренный" эле дейт. Алсак кийин кызыл китебин өзүбүз жасатып алсак болбу? Арзан болуп жатат, ошого карап жатканбыз.
Каныкей Шарапова
Юрист
Саламатсызбы!
Кызыл китепсиз мамлекеттик каттоо тартуулоо келишими менен каттабайт.
Эгерде кызыл китеби жок болсо, айыл өкмөтүнүн токтому болуш керек.
Кыймылсыз мүлктү бардык документтерин юристке көрсөтүп текшерткениңизден кийин алганыңыз туура. Бул сиздин коопсуздугуңуз үчүн керектүү процесс.
Кыймылсыз мүлк алаарда юристтин ишти коштоп берүүсүн кааласыңыз, мага кайрылсаңыз болот.
Юрист Каныкей Шарапова менен инстаграмдагы @lawyer.kanykei баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.