Менин жумурткаларымдын арты дайыма тердейт. Кандай даары ичишим керек?
2022.04.05, 09:55
5405
Менин жумурткаларымдын арты дайыма тердейт, эмне себептен билбейм. Заара кылгандан кийин да кичине калып калгандай сезилип, бирок заарам чыкпайт. Бир аздан соң кичине агып булгайт. Себебин айтып берсеңер, анан кандай даары ичишим керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.04.2022, 10:34
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, уролог
Саламатсызбы! Бул жерде себебин так айтуу мүмкүн эмес. Сизди алгач текшерип, анализ алып көрүшүбүз керек. Сизди көрбөй туруп кантип бир нерсе айтып, анын үстүнө дары сунуштайбыз. Жакшысы тезинен урологго барыңыз, убагында дарыласа бардык оору жеңил өтөт.
0
Пайдалуу жооп