Курсагым чыгып толгондон бери кошулууга каалоом жок. Бул эмнеси?
2022.03.23, 14:04
12591
Саламатсызбы! Эркек толуп кетсе жыныстык катнашка болгон каалоосу төмөндөйбү? Мен курсагым чыгып, жакшы эле толуп кеттим. Каалоом мурдагыдай эмес. Эмне себептен мындай болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.03.2022, 14:05
Болот Рысбаев
Уролог-андролог
Саламатсызбы! Эркек киши толгондо курсагы же жамбашы чыгып баштайт. Ошол курсагындагы же башка жериндеги майлардын курамында ароматаза деген фермент болот. Ал фермент эркекке күч кубат берип, каалоосун күчөткөн тестостерон гормонун азайтып салат. Анын натыйжасында жыныстык катнашка болгон каалоосу төмөндөйт. Бул бир гана сексуалдык жашоосуна эмес, нерв системасына жана башка жашоо чөйрөсүнө дагы таасир этет. Андыктан, гормондорду текшерип туруу керек.
0
Пайдалуу жооп