Шаардык келиним качан бизди чанып кетет деп жашаганыма 182 күн болду
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
"Анан 25 адамдан турган коллективди жетектейт..." Уулум оозундагы мантысын чайнап бүтө элек жатып, болочок келиним жөнүндө айта берди. Үч билими бар дегенде эле оозум ачылган, ошол бойдон жабыла элек. Уулум колун майлыкка сүртү, "апа бир нерсе деңизчи" деди. Оюма биринчи келген суроону узаттым. "Сени кантип карады?"
Уулумдун жашоосу машина. Ыраматылык атасы дагы ошондой болчу. Айылда ал оңдобогон машина, трактор калган жок. Кичинесинен бери атасынын жанынан чыкпайт. Баарын үйрөнүп алган. 11-классты бүткөндө, башкалар сыяктуу эле балам шаарда окуса, юрист болсо дегем. Эми элден калбай ойлонгом да. Айылдагы техникумга тапшырганда капа болгом, үй-бүлөңдү кантип багасың деп сурагам. Азыр бул сөздөрүмө өкүнөм. Көрсө балаңдын бакыты ал сүйгөн кесибинде иштөө турбайбы.
Кээде үйдө отуруп зериккенде жумушуна барам. СТО ачып алган. Мага бир запчастарын көрсөтүп, ар нерсени божурап жумушун кылып жатканын көрүп, уулум бактылуу экенин билдим. Кара майга чыланган колдору менен алып барган жармамды ичип жатканын көрүп ого бетер ынандым. Ар бир эне балам бактылуу болсо дейт, менин тилегим орундалды. Эми түгөйүн тапса деген эле тилегим калды.
Сүрөтүн көрсөттү. Ак жумал кыз экен. "Алдыгы кара май колуң менен муну булгап албайсыңбы?" Дагы оюмдагы нерсени айтып алдым. Уулум күлдү.
- Апа, мени аны бактылуу кылам.
- Ал биздин турмушта бактылуу боло алабы, уулум, мен ошону ойлонуп жатам. Ал дагы бирөөнүн кызы, көр турмуш менен соолутуп албасак экен дейм. Алган билимин колдон чыгарбай колдонуп жүрсө дейм.
- Апа, экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Ал өз жумушунда иштей берет. Мен ага тоскоол болбойм. Үйдө отурбайт, мен буга каршымын.
Кудалардын үйүнөн чыктык. Арткы машинада бекитип жүргөн сөйкөм менен ак жоолугумду салынып келиним менен уулум келатат. Мен оюмда азыр эмне дебейсиңерби, эртең кудалар келсе, топурактан салынган үйдө кантип тособуз, чыныларыбыздын кейпичи, аларга кантип чай куюп беребиз. Татыктуу узатып алсак экен. Уулум ай, карыган энеңди бир түйшөлттүң, бактылуу болбосоң бирди көрөсүң.
Баары жакшы өттү. Адамгерчиликтүү кудалар экен. Бергенибизди жеп, ыраазы болуп, кызына бата берип кетишти. Мен бактылуумун. Адамгерчилик деген нерсе тирүү экен.
Келиним бир дагы жолу мурдун чүйрүбөдү. Биздин бүлөдөй эле болуп чогуу жерге отуруп тамак ичип, мага ысык чайын сунуп жыргап жүрдү. Уулум экөөнүн мамилеси дагы сонун. Мен ортолоруна аралашпайм деп чечкем. Карыганда мага ошол эле жетишпей жатты эле. Мен жөн гана сырттан суктанып жүрдүм. Кийин урушса дагы аралашпайм.
Чанып кетет дегем. 182 күн болду. Жөнөкөй, ачык, жайдары келиним дале ошондой. Туугандардын баары "шаардык жеңе" дешип жакшы көрүшөт. Келиним мага көп нерсе үйрөттү. Мурда кечке эле эт асып жей берчүбүз. Көрсө эттен толтура тамак жасаса болот тура. Инстаграмды үйрөтүп койгон. Пенсиям тиери менен үйгө инстаграмдан көргөн буюмдарды алганы базарга жөнөйм. Үй жаңырып калды.
Келиним иштеп жатат. Кызматынан дагы көтөрүлдү. Уулум колун кара май кылып дагы эле СТОсунда. Экинчи СТОсун ачты. Ал дагы келери кеч жумушта. Балдарымдын бир жакшы жери, кечинде экөө чогуу үйгө келет. Бири-бирин күтүп турушат экен. Мен алар келгиче инстаграм чукулап эшикте отуруп турам.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди