Боюман түшкөндөн кийин толуп кеттим. Эмне кылсам болот?
2022.03.17, 11:02
2245
Саламатсызбы! Мен жакында турмушка чыккам. Тилекке каршы, боюман түшүп калды. Ошондон бери толуп кеттим. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.03.2022, 11:03
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Салмак кошконуңуздун себеби түрдүү болушу мүмкүн. Кош бойлуулук жана бойдон түшүп калышы факторлордун бири гана, бирок негизги себеби эмес.
Мен сизге биринчи кезекте эндокринологго кайрылып, богок безин текшертүүнү сунуштайм. Анткени сизде гормоналдык бузулуу, болушу мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @doktor.saginova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп