Мындан кийин боюмда болобу?
Мен турмушка чыкканда бат эле боюмда болуп калып дары менен түшүрткөм. Кийин 1 жарым жылдан кийин дагы боюмда болуп түшүп калган, кан да көп кеткен. Эми боюмда болобу, ден-соолукка кандай коркунуч жаратат?
Бактыгүл Муратова
гинеколог
Боюңдан канча ай менен түшкөн, ооруканадан түшкөнбү же үйдөн элеби? Эгер ооруканадан түшкөн болсо тонду гистологияга жибермек жана текшерип себебин айтмак. Үйдөн түшүп калган учурда деле ооруканага келип УЗИге түшүп коюу абзел. Балаңдын түшүп калуу себебин билиш керек, мисалга айтсам каныңда инфекция бар же биринчи баланы түшүрүп салуу да себеп болот. Биринчи бала кайсыл учурда түшсө, кийинки бала боюнда болгон кезде ошол мезгилде абайлаш керек, ооруса жүрө бербей текшерилип, сактануу маанилүү. Жатындын ичинде кан кичинекей эле калып калса полип же миома пайда болушу мүмкүн, ошол да зыянын тийгизет жана боюнда болтурбайт. Сунушум батыраак текшерилип, анализдерди тапшыр.