Күйөөм алимент төлөбөй Москвада жүрөт. Эмне кылсам болот?
2022.03.02, 11:58
2603
Саламатсызбы! Мен күйөөмөн алимент өндүрүү тууралуу сотко кайрылгам. 2018-жылы чечим чыккан. Бирок күйөөм Москвада, алимент төлөбөй жүрөт. Ал ошол жактын жараны.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.03.2022, 12:02
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы! Бул жерде сиз сот аткаруучулар менен тыгыз иштешиңиз керек. Соттун чечимин сот аткаруучуларга алып бергенсиз, туурабы? Ошол эле сот аткаруучуларга байланышка чыгыңыз. Алар Россиянын сот аткаруучулары менен байланышып, документтерди жөнөтүп, күйөөңүздү табууга аракет кылышат. Эгер күйөөңүздүн жашаган жерин, иштеген жумушун билсеңиз, сот аткаруучуларга айтып жардамчы болсоңуз, процесс тездейт.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп