Эжем күзүндө биттейт
Менин эжемдин бир оорусу бар. Ал дайыма күзүндө биттейт. Эмне себептен мындай болот?
Чынара Балтабаева
Терапевт
Биттерди адамдардан эле жуктуруп алууга болот. Андан башка жолу жок. Бул туруктуу же туубаса оору деп айтууга болбойт. Адам стресс болгондо, денеси атайын бир жыт бөлүп чыгарат. Бул жыт биттерди өзүнө тартат. Эмне себептен көбүнчө биттөө күзүндө жана кышында күчөйт дегенде, балдар эс алуудан кайтып келип, сагынычтарын таратуу үчүн бири-бири менен тыгыз байланышта болушат. Эгерде кимдир бирөөндө бит бар болсо, бири-бирине жуктурушат. Арылуу үчүн атайын шампундар, лазердик тарактар бар. Элдик методдордон айта кетсем жумасына эки жолу керосин же марал кулак(чемерица) чөбү менен жууп, лаванда, чай дарагынын майын сүйкөп коюу жардам берет