Көрүүм начарлап кетти
2018.01.31, 13:49
1158
Менин көрүүм начарлаганын 9-класста байкадым. Азыр өтө начар. Биздин туугандарда мындай көрүнүш жок. Телефон, компьютерди көп колдонбойм. Бул эмне себептен болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.01.2018, 13:50
Анара Алышева
Окулист
Көрүүнүн начарлашы - ички органдардын жана түзүмдөрдүн бузулуусунан, же сезгенүүдөн улам пайда болгон түрдүү ооруларга байланыштуу. Ошондой эле аденома сыяктуу эндокриндик илдеттер, кан диабети дагы көрүүнү начарлатат. Эгерде көрүңүз ыкчам түрдө түшүп кетсе, борбордук нерв системасындагы бузлуулар себепкер. Омурткалардагы остеохондроз дагы көрүүнү начарлатат. Себептери абдан көп. Кеч болуп кете электе, тезинен көз дарыгерине кайрылып, текшерүүдөн өтүңүз. Өтүшүп кетсе, сокур болуп калуу ыктымалы бар.
0
Пайдалуу жооп