// //

Күйөөмдүн уруксаты жок балдарымды Москвага алып кете аламбы?

2022.01.26, 11:56
3986

Саламатсызбы! Менин эки балам бар, сурайын дегеним мен балдарым менен Москвага кетейин дегем. Күйөөм менен жашабай калгам, балдар күйөөмдүн атында. ЗАГСда менде жок. Сураныч кантип алып кетсем болот? Алдын ала рахмат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.01.2022, 12:06

Нурислам Раимжанов 

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Буга чейин ата-эненин бири баласын чет өлкөгө алып кетүү үчүн экинчи ата-эненин макулдугу керек болчу. Ал эми, эреже катары, алар чогуу жашабаса, экинчиси баш тартып коер эле.

Бүгүнкү күндө КРнын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. 

Ата-энелердин ортосундагы баланы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, анын ичинде дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга, туугандары менен жолугушууга убактылуу чыгаруу маселеси боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда сотко кайрылуу керек. Сот эгер бала  он жашка толгон болсо анын дагы пикирин милдеттүү түрдө эске алуу менен иш өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө талашты кечиктирбестен карап чыгат жана чечет.

Демек, сиз сотко кайрыласыз. Сот бардык жагдайларды изилдеп чыгып, баланы өлкөдөн алып чыгууну сиздин пайдаңызга чечиши мүмкүн.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт