// //

Этек кир келгенде кандай кан келиши керек экенин гинеколог айтып берет

2022.01.25, 10:49
5366

Этек кир кандай түстө болушу керек деген суроого бир тараптуу жооп берүү кыйын. Себеби менструалдык кандын түсү көп нерседен көз каранды. Нормада кандай болушу мүмкүн экенин акушер-гинеколог Жазгүл Матраимова айтып берди. 

- Орточо эсеп менен алганда, биринчи этек кир 13 жашта келет. Ошондой эле 10-15 жашка чейин келген учурлар дагы норма болуп эсептелет. Андыктан, баары индивидуалдуу. Так мынча жаш деп айтуу мүмкүн эмес. 

- Айыз биринчи жолу келгенде айрым кыздарда аз эле кан келет, кээ бирөөлөрүндө уюган сымал кан дагы болушу мүмкүн. 

- Уюган кан - бул көпкө чейин жатында туруп, чыгып баратканда кислород кошулуп карайып же күрөң болуп калган кан. Ал эми бат чыккан кан суюк жана кызыл болот.

- Адатта, этек кир кызыл, күрөң же кара күрөң түстө болот. Кандын түсү гормоналдык өзгөрүүлөр жана айымдын ден соолугуна байланыштуу башка факторлордон көз каранды.

- Этек кир башталгандан баштап бир жыл ичинде кан ай сайын 3-4 күн уюбай келип, кызыл түстө болуп калышы керек. Эгер этек кир бир жылдан бери уюган кан болуп келип жатса, кээде эки-үч ай келбей дагы калса анда гинекологго баруу керек. 

- Этек кир келгенде биринчи күндөн баштап үчүнчү күнгө чейин уюбаган кан келиши керек. Уюган кан 4-5 күн болушу мүмкүн, мындай учур норма болуп эсептелет. Эгер биринчи күндөн баштап эле уюган кан келсе, оорутса, жыт болсо анда бир оорунун себеби болушу мүмкүн. Тезинен гинекологго баруу керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт