Атамдын нерви жука
Кичинемден бери атам менен мамилем начар. Жаштайымдан ата-энемдин урушу менен чоңойгом. Атамдын нерви жука, кичинекей нерсени чоңойтуп жиберет. Үйдөгүлөрдү ыйлатып жиберет. Атам улгайып калса дагы ушундай нерсеге барабы? Ага кантип түшүндүрсөм болот?
Ильдар Акбутин
Психолог
Эгерде бул суроо сизди ойлондуруп жатса, чоң адам болуп калгандыгыңыздан кабар берет. Көйгөйдү чечүүнүн бир жолу бар. Өзүңүздүн талаптарыңызды ата-энеңизге жакшылап түшүндүрүп айтыңыз. Чоңдор балдары чоңоюп калгандыгына карабастан, көпчүлүк учурда аларды өздөрүн коргой албаган кичинекей көрүшөт. Атаңызга пикириңизди уктуруу өзүңдүн гана колуңузда. Эртеби же кечпи бул боло турган процесс. Болгону качан башталаары сизден көз каранды.