Температурам 39 градустан түшпөйт
2018.01.25, 14:39
1157
Менин температурам дайым 37-37,5 градустан түшпөйт. Кээде 39га чейин көтөрүлүп кетет. Эмне себептен болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.01.2018, 14:41
Чынара Балтабаева
Терапевт
Температуранын өйдө-төмөн болушу органдардын сезгенүүсүнөн кабар берет. Эгерде температураңыз төмөн 37-37,5 градус болсо анда өпкөңүздө көйгөйлөр бар. Алсак бул туберкулез оорусу болушу мүмкүн. Эгерде 39 градуска жетип, өтө курч мүнөздө болсо, бөйрөктөрдүн, жыныстык органдардын сезгенүүсүнөн кабар берет. Ошондой эле 39дан жогорку температура вирустук инфекциялар козгогон оорулардан пайда болот. Мындай учурда өз алдыңызча ар нерсе кылып, аспирин сыяктуу антибиотиктерди колдонбостон тезирээк дарыгерге кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп