// //

Сүйгөнү таштап кеткендер бул 6 кеңешти укса, жараты бат айыгат

2022.01.12, 11:00
2287

Сүйгөнүңүз таштап кеттиби? Жашооңуз кызыксыз болуп калдыбы? Күндө сүрөтүн тиктеп олтуруудан чарчадыңызбы? Эмне себептен таштаганын билбей калдыңызбы? Анда психолог Ильдар Акбутиндин кеңештерине кулак салыңыз. Алар жаралуу жүрөгүңүздү даарылап, жаңы жашоо баштоого дем-күч берет. 

Курмандык болуудан качыңыз

Канчалык көп ажырашууну ойлоно берсеңиз, ал ошончолук чоңое берет. Жатып алып кайгыруу биринчи убактарда пайдалуу. Ал эми бул нерсе айларга созулуп кетсе, жаратыңызды ырбатат. Курмандык болуудан качыңыз. Активдүү болуп, өзүңүзгө жаккан нерсени кылыңыз.

Келечекке багыт алыңыз

Баардыгын өткөн чагыңызга калтырып, келечекке багыт алыңыз. Күтүүдөн алыстаңыз. Жашоо көп учурда акыйкатсыз. Өнөктөшүңүзгө болгон ачууңузду, көңүл калуу сезимине алмаштырыңыз. Өзүңүздү алсызмын деген мифтен алыстатып, сүйүүңүз алсыз деген далилди кабыл алыңыз.

Сүйүүдөн калган жаратка жылдарды коротпоңуз

Жарааттар өлтүрбөйт. Бирок ошол эле убакта күчтүү кылып да койбойт. Жараат болгону оору. Аны тереңдетип албаңыз. Элдерден оолактап, өзүңүздү камап койбоңуз. Жакындарыңыз менен мамиледе болуңуз. Аларга кандай абалда экениңизди айтыңыз. Сүйүүдөн калган жаратка жылдарды коротуунун кереги жок.

Сиз дагы сүйүүгө жолугасыз

Сүйүү жараатына, сен сүйүүгө татыктуу эмессиң деп айтышына жол бербеңиз. Өзүңүзгө болгон бааны жана күчүңүздү калыпка келтириңиз. Адистин жардамына кайрылсаңыз дагы болот.

Келечекке пландарды коюңуз

Сүйүү жараатын өсүү точкасына айлантыңыз. Кандайча десеңиз: жашооңуздун урашы эмес, жаңы нукка бурулушу катары кабыл алыңыз. Толугу менен сакайуу үчүн өзүңүзгө убакыт бериңиз. Болгону азап тартууну узакка созуп жибербеңиз. Сакайуу менен бирге, келечекке пландарды коюңуз.

Пост же китеп жазыңыз

Уялуу сезиминен алыстап, башыңыздан өткөн окуяны бирөөлөргө айтуудан тартынбаңыз. Мүмкүн сиздин тажрыйба, башкаларга үлгү болот. Мүмкүн пост же китеп жазасыз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бул 5 себеп өпкөңүз ооруйт экенинен кабар берет

Айымдар бул 5 себептин айынан заарасын кармай албай калат

Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек

Чачты суу кезинде тарабаңыз. Чач жөнүндө кызыктуу 4 факт

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт