Этек кирим 3 айдан бери келе элек
2018.01.24, 13:11
1374
13 жаштамын. Этек кирим 3 айдан бери келе элек. Бул нормалдуубу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.01.2018, 13:12
Абдраманова Бактыгүл
Гинеколог
Жаңыдан башталган цикл туруктуу эмес болот. Бир келип, 2-3 ай келбей калат же бир айлап токтобой келет. Биринчи келгенде 6-7 күнгө созулат. Эгерде сиздеги көрүнүш көптөн бери кайталанып жатса апаңыз же болбосо жакындарыңыз менен гинекологго барып, текшерүүдөн өтүшүңүз керек. Эң негизгиси менструалдык цикл календарын колдонууну унутпаңыз. Ал жерде баары жазылуу. Түшүндүрө кетсем “скудный”-аз, “умеренно”-орточо, “обильно”-көп келди дегенди билдирет. Ай сайын белгилеп, гинекологго барганда ала барып көрсөтсөңүз, сизге диагноз коюуга оңой болот
0
Пайдалуу жооп