// //

Боюма бүтпөгөнү үчүн ажырашып жатабыз. Эми бактылуу боло аламбы?

2021.12.17, 10:24
1969

Саламатсызбы! Мен 21 жаштамын. 18 жашымда турмушка чыккам. 3 жыл ичинде  боюмда болгон жок. Азыр ажырашып жатабыз. Өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Кайра эч качан бактылуу боло албай тургандай сезип жатам. Врачтар "төрөйсүң" дешти. Өзүмдү өлтүргүм келгидей абалдамын. Эмне кылсам болот? Сырымды айтканга эч кимим жок?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.12.2021, 11:09

Тамара Воронцова

Психолог

Кымбаттуум, врачтарга ишениңиз! Балалуу болосуң дешсе, сөзсүз болосуз. 3 жыл ичинде боюңузга бүтпөгөнү, өтө коркунучтуу деле эмес, сиз болгону 21 жаштасыз. Көптөгөн кыздар ушул жашта, же андан да кечирээк турмушка чыгышат.

Тилекке каршы, күйөөңүздүн сүйүүсү, сабыры көпкө жетпептир. Бирок көп учурда айлана-чөйрө күнөөлүү, той болгондон кийин аз өтпөй эле боюнда барбы сурашат, нааразы болгон кайын эне неберелеринин жоктугун айтып күйөөсүн оолуктурат.

Эми депрессиядан кутулуу үчүн, окуңуз, иштеңиз, досторуңуз менен баарлашыңыз. Сөзсүз түрдө мыкты жигитке жолугасыз, балалуу болосуз. 

Жашоодо жөн жерден эч нерсе болбойт! Сиз сөзсүз бактылуу болосуз!

Жашооңуз тууралуу эч кимге айтуунун кереги жок. Суицид тууралуу такыр ойлонбоңуз! Бул кадамга барсаңыз балалуу болуу кыялыңыз эмне болот? Сиз жашсыз, 50 жашта эмессиз, бирок кээде ушул куракта деле балалуу болушат.

Сиз күйөөңүздүн чыккынчылыгына көбүрөөк тынчсызданып жатасыз.

Бир ойлонуп көрүңүз, эгер анын күнөөсү менен балалуу болбой калсаңар, эмне кылат элеңиз: аны таштап кетет белеңиз, бала багып алат белеңиз же чогуу жашайт белеңиз?

Бул татаал суроо жана ар ким өзү каалагандай чечим чыгарууга укуктуу. Мурунку күйөөңүз ушинтип чечти. Ал өз тагдырына өз жолу менен, а сиз өз жолуңуз менен кетиңиз. 

Сиз үчүн жаңы жашоо башталып жатат, аны кубаныч менен  тосуп алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт