Эл алдында кекечтенем
Мен 16дамын. 7 жашымдан бери кекечтенем. Китеп окуганда, ырдаганда, адамдар менен сүйлөшкөндө эч кекечтенбейм. Публика алдында өзүмдү жоготуп, кекечтене баштайм. Эмне кылсам болот?
Нурзат Токтосунова
Оратор, алып баруучу
Күнүмдүк жашооңузда кекечтенбей, эл алдында кекечтенсениз- ал толкундоодон болсо керек. Ар бир адам эл алдында тартынат, толкунданат, кээде өзүн жоготуп коет. Бул кадыресе көрүнүш. Сиз бул нерседен эл алдына кайра-кайра чыгып олтуруп арыласыз. Башкача айтканда, көйгөйдөн качып эмес, чечип кутуласыз. Биринчи көп эмес, азыраак кишинин алдында сүйлөңүз. Бир, эки, анан бара бара 5-6. Ошентип бир күнү кекечтенбей каласыз. Сиз баары жакшы болот десеңиз- баары жакшы болот! Жашоодо баардык нерсе сиздин чечиминизге жараша. Коркпонуз. Ийгилик!