// //

Эгер сизде бул белгилер болсо, анда май тамандуулук менен жабыркайсыз

2021.12.07, 10:30
1768

Салам достор! Бүгүн силерге травматолог-ортопед Белек Уланов май тамандуулук боюнча кызыктуу маалыматтарды айтып берет. Ал эми пайдалуу видеону толугу менен ютуб каналыбыздан көрө аласыз. 

- Май тамандуулук экиге бөлүнөт: узунунан жана туурасынан кеткен. Узунунан кеткенге 16-25 жашка чейинки адамдар чалдыгат, негизги себеби туура эмес бут кийим кийгенден келип чыгат (шиш така). Туурасынан кеткен май тамандуулук менен 25-50 жаштагылар жабыркайт.

- Май тамандуулуктун келип чыгышына ашыкча салмак, жаракат алуу, айталы, кокустатып алганда, секиргенде, сындырганда, кырсыкка кабылганда ж.б дагы чоң таасирин берет.

- Май тамандуулуктун белгилери: буттун оорушу, буттун тез чарчашы, тамандын оорушу, буттун шишиши, түз турганда ыңгайсыз болуу, тизе, жамбаш жана белдин оорушу, баш бармактын жанында сөөктүн домпоюп чыгышы, таманды жерден көтөрө албоо ж.б. 

- Май тамандуулукка чалдыгат экенмин деп шиш такадан толугу менен баш тартып койгон  болбойт. Кие берсе болот, болгону таканын узундугу 3-4 смден көп болбошу керек. Бир күндө 2-3 саатка, айталы кечелерге барганда кийүүгө уруксат берилет. 

- Жакшысы баланы кичинесинен көзөмөлдөп, май тамандуулук байкаса дароо дарылап баштоо керек. Ортопедиялык батекти жасатып, аны каалаган бут кийимге салып, кийип жүрүү зарыл. Сөзсүз эле ортопедиялык бут кийим алуунун зарылчылыгы жок. Ал өтө кымбат болушу мүмкүн. Андыктан, батек жасаткандан өтөрү жок. 

- Май тамандуулук укумдан-тукумга берилиши мүмкүн. Айталы, ата-энеден балага дегендей. 

- Дарылоого убагында жүргүзүлбөсө бут жалпайып кете берет. Бара-бара сөөктөрдүн жана муундардын кыйшайып, бузулушуна алып келет. Артрозго кабылуу ыктымалы жогорулайт. 

Эгер маалымат сиз үчүн пайдалуу болсо, анда жүрөкчө калтырыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт