Жакшы көргөн балага сезимимди кантип айтам? Психолог кеңеш берет
Жашым 18де. Өзүмдүн айылдаш балам менен кыз-жигит болбой эле үч жылдай сүйлөштүм. Ал баланы катуу жакшы көрөм. Ал бала сени жакшы көрөм, мени жакшы көрөсүңбү дегенде жок десем күлүп калат. Күндө жоолукчубуз. Бир айдан бери такыр сүйлөшпөй калдык. Аябай сагындым. Бирок жакшы көрөөрүмдү кантип айтам? Аны менен өткөргөн күндөрүмдү эстеп алып ыйлайм, сагынам. Кеңеш бериңизчи.
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы! Ичиңизде болуп жаткан абалды түшүнүп турам.
Өз сезимиңди ачык-айкын айтып билдирүү оңой эмес. Эгер сезимдериңиздин айынан кыйналып жатсаңыз, ал бала менен бул тууралуу сүйлөшүп, ичиңиздеги менен бөлүшкөнүңүз туура.
Сиз күткөн жооп болбой калышы мүмкүн. Бирок бул сиз үчүн жаңы тепкич болот. Ачык айтып баарылашуу сиздин абалда эң туура чечим болуп эсептелет.
Эгерде сүйлөшүүдөн кийин дагы кусалык кетпесе өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз. Издениңиз, окууга көңүл буруп, башка нерсеге алаксыңыз.
Мунун баары жардам бербесе психологго кайрылып көрүңүз.
Ийгилик сизге!
Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.