// //

Ысык-Көлгө Чехиядан асыл тукумдуу уйлар келди

2021.06.23, 12:44
1675

Ысык-Көл облусунун Түп районунун жеке ишкери Кубанычбек Жумашов "Айыл Банктын"  “ВПС-Лизинг” продукттусу аркылуу Чехиядан асыл тукумдуу уйларды лизингге алды.

Кызыл-ак түстөгү 32 симментал уйу (Монбельяр) Чехиядан азык-түлүк жана суу бар евро-мал ташыган унаалар менен эки жумада келишти. Мындай оор сапарга карабастан уйлар аймакка тез эле адаптацияланып кетишти. Тактап айтканда, жаңы жашоо шартка оңой эле көнүп, көп өтпөй биринчи туут башталды.

Кубанычбек Жумашовдун дыйкан чарбасында чет элдик уйларды ыңгайлуу шарттар күтүп турган: ири мал сарайына  "Айыл Банк" аркылуу лизингге алынган малдар гана эмес, өзүнкүнү дагы кенен батат. 

Кубанычбек Жумашовдун айтымында, симментал уйлары сүт жана эт багытындагы мыкты порода. Мындан тышкары, бул порода өзүнүн туруктуулугу менен айырмаланат, бул жергиликтүү климаттык шарттарга ыңгайлашуу үчүн маанилүү.

Кубанычбек Жумашов окуусун аяктагандан кийин эле дыйканчылык менен тыгыз алектене баштаган. "Айыл Банк" менен көптөн бери кызматташып келет. Мисалы, 2011-жылы «Айыл Банк» аркылуу лизингге YTO-904 тракторун, 2015-жылы «Нива СК-5» комбайнын, кийинчерээк «Газ-53» автоунаасын, «ТУКАН» пресс-подборщигин, өткөн жылы «Мерседес» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын алган. Бир сөз менен айтканда, "Айыл Банктын" лизинги менен Кубанычбек Жумашов чарбасына керектүү техинкаларды топтогон. Бодо малдан тышкары, буудай, арпа жана көп жылдык чөп сыяктуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүү менен алектенет.

Кубанычбек, бул өзгөчө уй породасын сатып алуу менен аймактагы бодо малдын асыл тукумун көбөйтүүгө үмүттөнөт. Учурда ишкер алынган малдарды тиешелүү ветеринардык-техникалык көзөмөл органдарына ж.б каттоо менен алек. Келечекте  асыл тукум чарбасы статусун алууну көздөйт. Мындан тышкары, Кубанычбек сүт азыктарын кайра иштетүүнү жана өндүрүүнү каалайт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт