// //

Кичинекей кыздардын жыныс мүчөсү эмнеге кычышып жана ачышат?

2021.06.06, 08:19
9466

Жогорку категориядагы гинеколог-эндокринолог Айжан Джакшибаева кичинекей кыздарда вульвовагиниттин пайда болуу себептерин айтып берип, алардын гигиенасын сактоодо самынды колдонбош керек экенин эскерте кетти. 

Вульвовагинит деген эмне?

Вульвовагинит - бул вульванын жана кындын былжыр челинин сезгениши. Учурда кыздар арасында арасында көп кездешкен оору.  

Ооруну кантип аныктаса болот?

Вульвовагиниттин белгилери ачык эле көрүнүп турат.

  • ачышуу
  • кычышуу
  • ак, сары же быштак сымал суюктуктун бөлүнүп чыгуусу
  • вульванын кызаруусу
  • заара кылганда оорутуу ж.б.

Ошондой эле, кыз ыйлаак болуп калат. Эч нерсени жактырбай кыжалат болот. Жыныс мүчөсүн кармалап, тырмайт.

Вульвовагинит менен вульвиттин айырмасы эмнеде?

Вульвит - бул тышкы жыныс органдарынын, айталы, кичи жана чоң жыныс эриндеринин сезгенүүсү. Ал өтүшүп кеткенде ичине кирет (вагинит), мындайча айтканда жыныс кынынын былжырлуу чел кабыгынын сезгентет. 

Вульвовагиниттин өздүк гигиена менен байланышы барбы?

Албетте, биринчи кезекте гигиенаны туура сактоо зарыл. Тилекке каршы, бул нерсени көп энелер биле бербейт. Кыз кишинин аналдык тешиги менен жыныс кынынын ортосунда аралык жакын болгондуктан, инфекция кирип кетүү тобокелдиги жогору. Ошондуктан, кыз төрөлөрү менен ага туура кам көрүш керек.

Киндиктен ылдый, көтөнүнө карай жөнөкөй жылуу суу менен жуу зарыл. Эч кандай самындын кереги жок.

Эң негизгиси эненин колу таза болсун. Эмне үчүн самындын кереги жок, анткени анын курамындагы щелочь жыныс кынын былжыр челин инфекциялардан коргоп турган майлуу смазканы жууп салат. Ашыкча гигиена, улам-улам даарат алдыра берүү дагы бул оорунун өрчүшүнө алып келет.

Айрым апалар марганцовка же соода аралашмасы менен жуушат. Бул канчалык эффективдүү?

Биздин аң сезимибизде жөн эле суу менен жууп коюу пайдасы жоктой сезилет. Анан ар кандай кошулмаларды колдонобуз. Бул чоң жаңылыштык. Соода бул дарылоо эмес. Алгач ошол сезгенүүнү пайда кылган инфекциядан кутулуу керек. Аны гинекологдун жардамысыз жасоо мүмкүн эмес.

Иммунитет төмөндөп кеткенде пайда болобу?

Иммунинеттин төмөндөшү бирден бир гана себеби, башкалары дагы көп. Кыздын ичинде курттар жокпу дагы текшерүү зарыл. Ошондой эле толук балдар дагы бул ооруга чалдыгуу тобокелинде болот. Балдарыңарды жакшы көрсөңөр, кола, чипсы, таттууларды алып бербегиле.

Иче карын оорулары, туура эмес тамактануу, эндрокриндик оорулар, ашыкча салмактуулук ж.б. вульвовагиниттин себептеринин катарында турат.

Кантип дарылайт?

Алгач оорунун себебин билүү керек. Алар ар кандай болот. Гинееколог текшергенден кийин так диагноз коет. Мисалы, инфекциялык себептерине токтоло кетейин. Энеде адамдын паппиллома вирусу бар болсо, төрөт учурунда, эгер табигий жол менен төрөсө балага жугуп калышы мүмкүн. Эгер вульвовагинитти ошол козгосо, анда алгач аны дарылайбыз.

Алдын алуу чараларын айта кетсеңиз

Туура тамактануу, гигиенаны туура сактоо (ашыкча же аз эмес), сөзсүз түрдө жашоосунда спорт болсун. Ич кийими ак түстөгү кездемеден тигилсин. Түстүү ич кийимдер аллергияны козгошу мүмкүн. Ал эми вульвовагинит аллергиялык мүнөздө дагы болот. Ата-энелерге баланын ден соолугу үчүн элдик эмес, заманбап билимди тандоону сунуштайм.

Эскертүү! Вульвовагинит өтүшүп кетсе, "синехии" – жыныс кынын кичи эриндеринин жабышып калуусуна алып келет. Бул өтө кооптуу, кийин жыныстык жашоосуна чоң таасир тийгизет. Ошондуктан, жаңы төрөлгөндөн күндөн тарта гигиенасын туура сактап, кездеме тампондор менен жыныс кынын сүртүп, жыныс эриндери жабышып калган жокпу карап туруш керек.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт