// //

Эртең мененки тамактануу үчүн пайдалуу жана пайдасыз азыктар тизмеси

2019.01.28, 10:15
11373

Окурман, bilesinbi.kg эртең мененки тамактануу үчүн пайдалуу жана пайдасыз азыктар тууралуу айтып берет. 

Эртең мененки тамак үчүн пайдалуу азыктар:

• Ботко. Эртең менен сулудан же геркулестен ботко ичүү пайдалуу жана аш болумдуу. Сулудан жасалган ботко витамин жана минералдык азыктарга бай. Чоңдорго да, жаш балдарга да бир күндүк күч кубат берет. Боткону сүткө же сууга жасап ичсе болот.
• Быштак. Мөмө жана жашылча жемиштерди быштакка аралаштырып азыктануу керек. Быштак кальцийге бай, ошондуктан тишти, сөөктү, тырмакты бекемдеп, терини жакшыртып, жаш көрүнүүгө көмөк болот.
• Помидор жана ашкөктөр (укроп, петрушка) аралашкан омлет. Жумуртка абдан тоюмдуу, ага помидор менен ашкөктөр кошулганда пайдалуу азык болуп калат.
• Бутерброд, бирок, колбаса кошулган эмес. Катуу сыр, быштак, помидор, бадыраң жана ашкөкөктөрдү кошуп бутерброд жасап жесеңиз узак убакыт боюу сергек жана активдүү жүрөсүз.
• Сүткө бышкан кара күрүч боткосу. Абдан пайдалуу айкалыш. Минералдарды көп камтыйт жана тоюмдуу. Жаш балдарга ылайыктуу. Шекердин ордуна бал кошсо андан да жакшы.
Суусундук катары кара же көк чайды, жаңы жасалган ширени ичүү керек. Балдар үчүн кактын компоту пайдалуу.

Эртең мененки тамактар үчүн пайдасыз азыктар:

• Ачытылган булочка. Абдан даамдуу, бирок зыян. Ачытылган азык ичти көптүрөт. Албетте бул ыңгайсыз.
• Кофе. Эртең менен кофе ичүү ашказан былжырын жабыркатат. Ашказандан көп суюктук бөлүнүп чыгып, курсакты ачырат. Күндө эртең менен кофе ичсең гастрит пайда болушу мүмкүн.
• Мөмө жемиштер: апельсин, алмурут, курма жана банан. Апельсинде ашказанды кыжырданткан кислота, бананда шекер, алмурутта клетчатка көп.
• Йогурт. Ачкарын йогурт менен азыктануу пайда алып келбейт. Кечки тамактан кийин жесе тамак сиңимдүү болот.
Анан албетте, ачкарын тамеки чегүү же алкоголдук ичимдик ичүү организимге абдан зыян.

Ден соолукта болуңуз! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт