// //

Абитуриентке: Гарвард - колледжине кантип тапшырса болот?

2019.01.22, 13:20
2416

Гарвард-колледжи: "Биздин максат - колледжге мыкты студенттерди тартуу!"

 Гарвард-колледжине ким керек?

Гарвард-колледжи талапкерлерге көп суроо берет. Айрымдарына токтоло кетсек:

Талапкердин жеке потенциалы

  • Убакытыңды кантип колдоносуң?
  • Сага эмне түрткү берет?
  • Демилгечил адамсыңбы?
  • Кандай таланттарың бар?
  • Көп нерсе кылууга күчүң жетеби?
  • 1,5 же 25 жылдан кийин кайда болосуң?
  • Азыр кандай адамсың?
  • Келечекте кандай адам болосуң?

Кызыкчылыктары

  • Сабактан тышкары эмнеге кызыгасың (интеллектуалдык)?
  • Ушул күнгө чейин эмнеге жеттиштиң? 
  • Колуңдагы мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен пайдаландыңбы?
  • Лидерлик сапатың барбы?
  • Гарвардка өткөндөн кийин бош убактың пайда болуп калса эмне кыласың?

Талапкердин мүнөзү

  • Жаңы идеяларга жана элдерге канчалык деңгээлде ачыксың?
  • Өзүңө ишенесиңби? 
  • Тамаша көтөрө аласыңбы?

Талапкердин Гарвардка кошо турган салымы

  • Колледждин басымына каршы тура аласыңбы?
  • Гарвард үчүн эмне кыласың?
  • Башка студенттер менен бир бөлмөдө жашап, кызматташа аласыңбы?

Бул сыяктуу суроолорго жооп бере аласыңбы?

Гарвард-колледжинен каржылык жардам алуу үчүн арыз жөнөтүүнүн үлгүсү

Эскертүү! Гарвард-колледжине өтүү үчүн англис тилинде эркин сүйлөп, катасы жок жазуу керек.

  Билдирүүнү кантип жиберсе болот?

Арызды Common ApplicationCoalition Application, же Universal College Application аркылуу жөнөтөсүң.

Тиркелчү документтер: 

  • Толтурулган анкеталар
  • 75 доллар өлчөмүндөгү төлөм
  • Транскрипт (мектептеги бааларың тууралуу документ)
  • Эки мугалимдин мүнөздөмө каты
  • ACT же SAT тестинин жыйынтыктары.

Анкеталарды кантип толтуруу керек экенин бул жерден көрсөң болот.

 Арызды канчасына чейин жөнөтүү керек?

Документтерди кабыл алуунун эки мөөнөтү бар: эрте жана стандарт.

Негизги даталар:

    Күнү

                                  Мөөнөтү

  1-ноябрь

Эрте арыз жөнөтүү жана каржылык жардам алуу үчүн акыркы мөөнөт

  1-январь

Стандарт арыз жөнөтүү үчүн акыркы мөөнөт 

  1-февраль

Каржылык жардам алууга арыз жөнөтүү үчүн акыркы мөөнөт

  1-март

Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү

  Марттын аягы

Колледж чечим кабыл алат

   1-май

Кабыл алынган студенттерге жооп берет

   1-июнь Кабыл алынган студенттердин тизмесин жарыялайт

Графикти толук көрүү

  Окуу акысы

Гарвард-колледжинде окуу үчүн жылына орточо 40 000 доллар төлөнөт. Эгер бул суммага жашаган жердин акысын жана башка чыгымдарды кошсок 60 000 долларга чейин болушу мүмкүн. Бирок, колледжде стипендиялар жана гранттар бар экенин унутпайлы. Ошондой эле студенттердин 70% каржылык жардам алышат.

Ийгилик!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт