// //

Жогорку соттун сайтында кандай маалыматтар бар экендигин анализдейбиз

2021.03.04, 11:43
1701

Эгерде бийликтин үч бутагын алсак - өкмөттү, Жогорку Кеңешти, Жогорку сотту, анда эң начар сайт Жогорку Соттуку болот. Жогорку сот маалыматты кандайча камсыз кыларын Kaktus.media анализдеп чыкты.

Жарандарга эмне керек?

  • Жогорку Соттун бардык судьяларынын жана кызматкерлеринин өмүр баяны.
  • Сот тутумунун чыгымдары: кимде кандай айлык бар.
  • Соттордун декларациясы.
  • Кайсы соттор кандай иштерди карап жатышат.
  • Калк үчүн юридикалык кеңеш.
  • Соттук процесстер кандайча өтө тургандыгы жөнүндө визуалдык түшүндүрмөлөр: арыз жазуудан баштап, чечим кабыл алууга чейин эмнелерди билишиңиз керек.
  • Онлайн режимде өтө турган отурумдар бөлүмү.
  • Соттун чечимдерин ыңгайлуу форматта издөө.
  • Бош орундар.

Бар, бирок, жок

Сайттын структурасы жагынан караганда, Жогорку соттун сайтында колдонуучуларга керектүү көптөгөн маалыматтар камтылган: судьялар жөнүндө маалыматтар, укуктук база, сот отурумдарынын графиги, байланыштар (карта менен!), кайрылуулар үчүн электрондук форма, мамлекеттик алым эсептегич, жарандарды кабыл алуу графиги.

Эгер бөлүмдөрдү жакшылап бассаң, башкача пикирде каласың. Сайтта Жогорку соттор, жетекчилик жөнүндө маалыматтар, судьялардын тизмеси, жергиликтүү соттордун даректери жана соттордун тизмеси менен шилтемелер бар. Жогорку соттун судьяларында гана өмүр баян бар. 

Жергиликтүү соттордун судьяларынын аты-жөнүн басуу мүмкүн эмес, ошондуктан алар кандай иштерди карагандыгын, ал судьялар жөнүндө эмне белгилүү экендигин аныктоо мүмкүн болбойт. Колдонуучуга соттордун тизмесин ачуу үчүн жалпысынан соттун аталышын басуу керек экени айкын эмес.

Жогорку соттун аппараттарында кимдер иштегени дагы белгисиз, бирок структурасы бар.

Мамлекеттик органдардын башка сайттарындагыдай эле, колдонуучу Жогорку соттун сайтынан эч кандай иш отчетун, декларацияны жана бюджеттик чыгымдарды таба албайт. 

Документтерди жүктөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ченемдик укуктук база көпчүлүк үчүн түшүнүксүз болгон "Электрондук документтер" бөлүмүнүн аталышында жарыяланган.

Сайтта "Карала турган иштердин тизмеси" бөлүмчөсү берилген. Бирок ал жаңыланбайт. Ошондой эле, календарь аркылуу таба турган архив жок.

Башкы бетте, оң тилкеде, издөө функциясы менен сот актыларына шилтеме берилген. Эгерде изилдөөчү же журналист болсоңуз жана бир нерсени анализдеңиз келсе, анда маалыматтарды талдоо үчүн IT адисин жалдашыңыз керек, анткени соттун чечимдерин иретке келтирилгенге чейин  бир топ күн талап кылынат. 2020-жылы, дал ушундай жол менен биздин редакция судьяларга прокурорлор дайындалганбы же жокпу аныкташ үчүн 4500 соттук актыларды карап чыккан. 

Эгер белгилүү бир сот актысына муктаж болгон колдонуучу болсоңуз, анда эч нерсе таппай калуу коркунучу бар. 

Эмне жетишпейт?

Калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн визуалдык түрдө, мисалы, инфографика же видео көрсөтмө түрүндө, сотко арыз берүү, сот процесси учурунда айыпталуучу эмнеге укуктуу, соттун чечимине даттануу алгоритми жөнүндө маалымат берүү керек (шаблондор менен болот). Сот процессинин катышуучулары кандай укуктарга жана милдеттерге ээ экендигин ачык көрсөтүү зарыл. Айып пул, пробация, эркинен ажыратуу ж.б.у.с. жөнүндө Кылмыш-процессуалдык кодексин түшүндүргөн так инфографика жетишсиз. Булардын бардыгын бир бөлүмгө жайгаштырып, басып чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кошсо болот.

Ошондой эле бөлүмдөр күбөлөргө дагы керек.

Басма сөз кызматы менен байланышуу үчүн активисттер, бейөкмөт уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, байланыштар керек (сайтта жалпы почта гана бар): канча иш жабылгандыгы, каралбай жаткандыгы жана машинада окула турган статистикалык акыркы маалыматтар. Соттолгондор жана акталган адамдар боюнча дагы статистика зарыл. Бардык маалыматтар жыл, ай, аймак, сот жана конкреттүү судья боюнча бөлүштүрүлүшү керек.

Негизги сот отурумдары боюнча маалыматтары өзүнчө блокко бөлүп, ай сайын жаңылап турса болот.

Жогорку соттун сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт