// //

Улуттук статистикалык комитеттин сайтын жөнөкөй жаран түшүнө алабы? Анализ

2021.03.02, 14:04
1225

Кыргызстанда ар кандай чөйрөдө болуп жаткан окуяларга баа бере турган статистиканын бардыгы Улуттук статистикалык комитеттин сайтында болушу керек. Kaktus.media бул маалыматтарды stat.kg сайтынан табууга болобу жана аларды издөө ыңгайлуубу же жокпу анализдеп көрдү.

Жарандар Улуттук статистикалык комитеттин сайтынан эмнелерди көргүсү келет?

  • Отчетторду онлайн кантип тапшырса болорун.
  • Айлар жана башка көрсөткүчтөр боюнча өлүм статистикасы.
  • Муниципалитет жана айылдардагы статистикалык маалыматтар.
  • Орточо эмгек акы, жашоо минимуму жана башка көрсөткүчтөр кандайча эсептелет.
  • Бойдок жана никедеги аялдар менен эркектердин саны.
  • Депутаттардын айлык акысы.
  • Түзүлүшү, ыйгарым укуктары, функциялары, байланыштары.
  • Бош орундар, стажировка.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Сайттан эмнени тапса болот?

Башкы баракчанын борбордук бөлүгү ай сайынкы макроэкономикалык отчеттун негизги көрсөткүчтөрү менен толукталган. Эгер "Кененирээк" баскычын басса, анда Word форматындагы толук маалымат менен документ жүктөлөт.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Негизги менюда комитет жөнүндө жана негизги багыттар боюнча статистикалык маалыматтар, жыйнактардын басылмалары камтылган бөлүм, акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтар жөнүндө публикациялар камтылган. Айрым баракчалардан дароо документтерди жүктөп алсаң болот.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

"Пресс борбору" бөлүмүндө басма сөз кызматынын байланыштары жок, бирок айрым бөлүмчөлөр такай жаңыланса, айрымдары 2019-2020-жылдардан бери турат.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Басма сөз кызматынын байланыштары сайттын эң ылдыйында жайгашкан.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Жарандардын кайрылууларынын формасы дагы көрүнүктүү жерде эмес.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Open Data бөлүмү визуалдаштырылган статистиканы камтыйт. Алар бөлүмчөлөргө бөлүштүрүлгөн. Бирок 2015-жылга чейинки маалымат жок.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Баннерлердин астындагы башкы бетте "Айлык чыгарылыш" үч бөлүмү бар. Ага кирип белгилүү бир жылдын анализин басуу керек, ошондо кийинки бетте статистика айга ачылат. Дагы басканда, архивделген папка жүктөлөт.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

"Бааларга мониторинг" бөлүмүнөн бааларды көрүү анчалык ыңгайлуу эмес: беттин төмөн жагындагы диаграммалар сентябрь айынан бери жаңыланган эмес, кайсы жылы экени белгисиз. Бирок сүрөттөрдүн астында керектөө товарларына жана күйүүчү-майлоочу майларга болгон Excelтаблицаларды жүктөө үчүн шилтемелер бар. Учурдагы баалар менен ар жума сайын жаңыланып турган толук таблицалар жана 2016-жылдын январь айынан баштап архив бар. Бирок мындай пайдалуу бөлүм сүрөттүн астына орнотулгандыктан, бир нерсе жүктөп алса болору белгисиз. 

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

"Жашоо минимуму" бөлүмүн басуу менен, колдонуучу ички баракчага багытталат. Эң акыркы бөлүм жаңылана элек, мурунку шилтемелерди басканда, сканерленген документ пайда болуп, номерлерди көчүрүп алуу мүмкүн болбой калат.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Эмне жетишпейт?

Калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча гана эмес, башка тармактар ​​боюнча дагы (демография, билим берүү, гендердик ж.б.) жаңыланган визуалдаштырууну иштеп чыгуу зарыл.

Жалпыга маалымдоо каражаттары, активисттер жана бейөкмөт уюмдар үчүн статистикалык маалыматтарды машинада окула турган форматта жарыялоо үчүн форматын алмаштыруу же кошумча иштеп чыгуу керек. Азыркы учурда дээрлик бардык маалыматтар Excel форматында жарыяланып жатат. Бул аларды алдын-ала иштетпестен жана машинада окула турган форматка өткөрбөстөн маалыматтарды анализдөөгө мүмкүндүк бербейт.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Жарыяланган акысыз жыйнактар ​​PDF форматында  жана ушул жыйнактардан алынган маалыматтар менен иштөө кыйынчылык туудурат. Ар бир коллекцияда машинада окула турган форматта негизги маалыматтар камтылган тиркеме болушу керек.

IT адисинен кошумча сунуштар

Аудиториянын кеңири бөлүгү үчүн Улуттук статистикалык комитеттин сайтында  үч тилке бар баннерлердин астындагы блокту өзгөртүү керек. Алардын бири болгон сол жактагысы көпчүлүк көрүүчүлөр үчүн кереги жок. Ал эми “Жаңылыктар” жана “Басылмалар” бөлүмдөрүнө келсек, жаңылыктар басылмалар, ал эми басылмалар жаңылыктар эмес экени айдан ачык. Мындан тышкары, ар кандай статистиканы издөөгө киргендер үчүн дароо башкы менюдагы "Статистика" баскычын басып, керектүү бөлүмдү тандап ала тургандай кылып койсо ыңгайлуу болот.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Улуттук статистикалык комитеттин байланыштарына токтолсок, алардын айрымдары сайттын түбүндө жайгашкан. Ошондой эле бөлүмдө ар кайсы адистердин аймактар ​​боюнча статистикасы менен байланыштары бар. Ыңгайлуулук үчүн бул бөлүмдү  башкы менюга жылдырып койсо болот.

Может ли обычный гражданин понять статистику по Кыргызстану? Анализ сайта Нацстаткома

Талапкерлер үчүн, бош орундар менен өзүнчө бөлүм түзүп койгон оң. Жок дегенде редакциялык сурамжылоонун жүрүшүндө ушундай өтүнүч бар.

Ошондой эле, катардагы жарандар үчүн "Статистика" жана Open Data бөлүмдөрү эмнеси менен айырмаланары түшүнүксүз болушу мүмкүн. Балким, кандайдыр бир жол менен статистикалык маалыматтарды бир түргө келтирип, аларды бир бөлүмдө ар кандай варианттарда берүү керек.

Ошондой эле, кеңири аудитория үчүн "Басылмалар", "Отчеттор", "Изилдөөлөр жана долбоорлор" бөлүмдөрүнүн айырмалары белгисиз. Балким, ушул анализдердин жана изилдөөлөрдүн бардыгы бир бөлүмдө болушу керек. 

Улуттук статистикалык комитеттин сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт