// //

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

2021.02.20, 18:49
47785

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет "менин баяным кыска, бирок нуска" деп сөзүн баштаган бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кара тору, бакыраң көз, эки бети кыпкызыл, колдору кесилген, чачы колундагы козунукундай тармал, сүйкүмдүү жигит.

Жаңы эле машинадан түштүк. Дарбазасы ачык экен. “Апа, суу алып келип койдум, түгөнгөндө айтып коюңуз, дагы ташып берем”,-деген добуш чыкты. Үн кичинекей баланыкы болгону менен, чоң кишиникиндей өктөм эле. Эми эшигин тыкылдаталы десек, абысынмыдын беш жаштагы уулу ачты. “Саламатсызбы!”,-деп учурашып, үйгө кирүүнү сунуштады. Бир маалда токтотуп, “ит каап албасын, азыр байлап келе коеюн”,-деп сарай жагына чуркап кетти.

Кичинекей уулуна деп алган шоколадыбызды деле унутуп калдык. Анткени, алдыбызда эч нерседен тайманбаган жигит турду.

Абысыным чыкты. “Ай, келгиле, киргиле, кайдан”,-деп үйүнө жетелеп жөнөдү. Алтынчы класста окуган кызы бар. Ал дасторкон жайып жатса, тиги уулу чуркап келип кармашып, чыныларды ташып, эжесине жардам берип жатты. Жаныма чакырып, ала келген шоколадымды берсем, ошол жерден ачып, баарыбызга ооз тийгизип, жумушта жүргөн атасына калтырып, анан калганын өзү жеди. Суктанып бүтө албай жаттым. 

Апасы бизге сүйлөп жатып, жанында отурган баласынын башын сылап чекесин өөп койду. Ошондо баланын көздөрү жалтырап дагы да болсо күйүп чыкты.

Күйөөм тамашалап, “кыздарга тийишип, чачтарын тартып жатасыңбы”,-десе, “жок, кыздарды сыйлаш керек, алар уруксат бербесе чачына тийгенге болбойт”,-деп жооп берип оозумду ачырды. Күйөөм дагы таң калып сурай баштады.

- Аны сага ким айтты?

- Эч ким.

- Анан кайдан билдиң?

- Атам апамдын чачын тартпайт.

Оозубуз жабылды. Жанатан бери урушуп жатып атайын үйрөткөн болуш керек, кантип кичинекей бала ушундай элпек болсун деп отурган жаным жаңылганын түшүндү. Чындап эле, мына биз балабызга канча айтпайлы эч бир суранычыбызды аткарбайт. Анткени, өзүбүз айтып жаткандарыбызды аткарбайбыз. Күйөөм мага, мен ага бакырам. Анан уулум экөөбүзгө бакырат. 

Ошол күнү үйлөрүнө тие кеткенибиз ырас болуптур. Абысынымдын кара тору уулу өзү билбегени менен бизге чоң сабак берди.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Шаардык күйөө балама бээ саадырып сынасам, айткан сөзү таң калтырды

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт