// //

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

2021.02.19, 17:05
14365

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул мектеп окуучусунун катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Быйыл 11-классты аяктайм. Келечекте программист же тилчи болгум келет. Башкалардын айтымында мен “нитороокмун” (күлүп). Өзүм болсо андай ойлобойм.

Болгону түнгө чейин көчө таптабайм, кичинекей класстарга чоңдугумду салбайм, оозумдан жаман сөздөр чыкпайт, кыздарга тийишпейм, тапшырмаларды дайыма аткарам. 

Жылдын башында биздин класска жаңы окуучу кыз которулуп келген. Сулуу. Татынакай. Акылдуу. Эми, сулуу дегеним - жөнөкөйлүгү, татынакай дегеним - боорукерлиги, акылдуу дегеним - ойлонуп мамиле кылганы. Бул саппаттарын онлайн окуп жүргөндө эле байкагам. Мектепке бара баштагандан кийин чындап эле ынандым.

Ошондо ичимде ал кызга болгон башкача сезимдер ойгонгон.

Ар бир класста  “өзүн мачо, красавчик” сезген бала болот го. Ошондой классташымдын аты Азамат. Мен тымызын жактырып жүргөн Мирага жабыша берет. Берки партада олтуруп алып кызганам. Мира Азаматка көңүл деле бурбайт. Сүйлөсө, жабышса маани бербей коет. 

Мен суроо менен кайрылып калсам чын дили менен жооп берет. Кээде теманы түшүнсөм деле сурай берем. Ээринбей түшүндүрөт. Ал дагы мени жактырып калса керек ээ? 

Жакында эле мектептен кийин үйүнө узатып баргам. Аны классташтар көрүп калган окшойт. Эртеси “чоңоюп калгансыңго, ал сени карабайт”, деген шылдың аралаш тамашалары менен тосуп алышты. Мен алардын сөздөрүнө маани деле берген жокмун. Анткени Мираны чындап эле жактырып калдым. Же сүйүп калдым. Кандай десем, ичимде башкача сезимдер жашай баштады. 

Мирага жолукканга чейинки планыма бирөөнү сүйүү, мамиле куруу кирген эмес. Пландар өзгөрүлдү. Эми жактырган адамыма жетүү, анын көңүлүн алуу аракетин көрө баштайм. Биринчи күнү апамдан шоколадга акча сурайт окшойм. 

Кандай ойлойсуңар мен сүйүүмө жетемби?

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Шаардык күйөө балама бээ саадырып сынасам, айткан сөзү таң калтырды

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт