// //

"Үйлөн" деген сөздөн тажадым. Эмне кылсам болот?

2021.01.27, 12:02
3152

Саламатсызбы! Ишенген жана жакны адамым болгон апам өтүп кетти. Аракет кылып колумдан келишинче иштейм, бирөөгө көз каранды болбой жашагым келет. Мисалы, үйлөнөйүн десем, үй жок, байлыгым жок. Жүрөгүм эңсеген адамга дагы жолуга албай жатам. Убакыттын өтүп жатканы мени коркутууда.

"Үйлөн" дешип жанымды койбой жатышат. Бирок, жактырбаган адам менен жашай албайм. Оюмдагы жубайымды элестеткенде жашоом көркүнө чыгат. Өзүмдү ар дайым күнөөлүү сезем, стресс абалында жүрөм.

Жашым отуздан өтүп калды. Күнөөм сүйүүгө жолуга албай жүргөнүм. Элдин баары эле акыл үйрөтөт. Кантип өзүмдү эркин сезем? Көчөлөп жүргөн тентек эмесмин. Үй-бүлө күтсөм багып кете алам. Учурда курулушта иштейм. Ар кандай кыздар менен тааныштырышат. Сүйбөгөн адамдын жанында жүргөнүмдү элестетсем көңүлүм чөгөт. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.01.2021, 12:05

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Ишенген жана тирегиңиз болгон апаңыздан ажырап калганыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Тилекке каршы, каза тапканына канча жыл болгонун жазбапсыз. Эгер эки ай же жарым жыл болсо, анда сиз жакын адамын жоготуудан кийин азап чегүү абалындасыз. Мындай учурда, чечим кабыл албай жатканыңыз кадыресе көрүнүш.

Экинчиден, башкалар басым жасап жатканын, өзүңүз каалабай турганыңызды жазыпсыз. Чынында эле өзүңүз каалабай жатасызбы же коркуп жатасызбы? Бул нерсени тактап чыгуу керек. Өзүңүз үйлөнгүңүз келеби же жокпу дагы түшүнүксүз бойдон калган. Өз алдынча баарын иликтеп чыга албай жатсаңыз, кесипкөй психологго кайрылыңыз.

Эмнени каалайсыз? Эмнени каалабайсыз? Эмне кылып жатасыз? Күчтүү жана алсыз тараптарыңыз кайсылар? Эмне үчүн бирөөлөр сизге ойлорун таңуулап жатат? Бул суроолорго жооп тапканда, так чечим кабыл алаласыз. Болбосо, өз каалоолорун билбеген жана жеке оюн жактай албаган адам катары образ калтарып жатасыз. Муну үстүнөн иштөө керек. Аракет кылуу жетишсиз, кайда багыт алганыңызды түшүнүү зарыл. Өзүңүз үчүн приоритеттерди тактап алсаңыз жашооңуз жеңил болот.

Дагы бир айта кетчү нерсе, ата-эне баласын ар дайым күнөөлөп, башкарып чоңойткон болсо, бала бой жеткенде өз алдынча жоопкерчилик алалбай, алайын десе кайсы жерден алуу керек экенин билбей адаша баштайт, өзүн күнөөлүү сезе берет. Бул учурда психологго кайрылуу жакшы натыйжа берет.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт