Психологдон кеңеш: Кантип сүйгөн адамыңды унутсаң болот?
Саламатсызбы! Айтсаңыз, сүйгөн адамыңды кантип унутса болот? Мен сүйгөнүмдү көптөн бери унута албай жүрөм.
Бул суроого жооп берүү үчүн даяр рецебим жок. Негизинен сүйгөн адамды унутуу абдан кыйын. Жактырган адамың менен жол болбостук болуп, эки бөлөк жолго түшүү бул адам үчүн эң чоң психологиялык жарат. Мындай жаратка кабылган адам калыбына келиши үчүн бир нече убакыт керек. Оңой эле унутуп калуу мүмкүн эмес.
Сүйгөн адамды унутуу үчүн:
- Аны эстетүүчү сүрөттөрдү өчүр;
- Ал адамды көрбөгөнгө аракет кыл;
- Аны менен байланышкан окуяларды эстебе;
- Башка жумуш же хобби менен алек бол;
- Жаңы максаттарды кой;
- Сүйүүнү бакпа.
Сүйүүнү бакпай коюу - ошол сүйүү тууралуу эстебей коюу керек дегендик. Сугарбай койсоң гүл соолуп калгандай, жоопсуз сүйүүнү да сугарбаш керек. Эки тарапта тең калоо болбогондон кийин, сүйүнүн өчүп калганы жакшы.
Албетте, айтып коюу оңой. Эң башкысы өзүңүзгө-өзүңүз жардам беришиңиз керек. Сезимдер акырындык менен өчөт.
Ийгилик!