// //

Тукумсуздукка чейин жеткирген богок тууралуу эмнелерди билүү керек

2021.01.18, 14:31
2839

Богокту дарылабаса оор кесепеттерге, анын ичинен тукумсуздукка алып келет. Ал эми өз убагында дарыгерге көрүнүү үчүн, оорунун алгачкы белгилерин билүү керек. Эндокринолог Чолпон Муратова богок тууралуу кененирээк айтып берди. 

Бул кандай оору?

Богок - калкан бездин нормадан чоңоюшу жана анын иштешинин бузулушу. Жыйынтыгында гормондор төмөндөйт же жогорулайт.

Оорунун пайда болуу себептери

  • Йоддун жетишсиздиги
  • Организмде Д витаминин жетишсиздиги
  • Темир жана селен заттарынын жетишсиздиги
  • Уйкунун бузулуусу
  • Туура эмес тамактануу
  • Стресс болуу. 

Оорунун алгачкы белгилери түрүнө жараша болот.

Гипотиреоз түрүндө:

  • Толуп кетет
  • Шишик пайда болот
  • Ичи катат 
  • Чачтары түшөт
  • Териси кургайт
  • Бат үшүйт
  • Үнү өзгөрөт
  • Этек кир цикли бузулат.

Тиреотоксикоз түрүндө:

  • Арыктайт
  • Көп тамак жейт
  • Маанайы бат өзгөрүлөт
  • Тердейт
  • Жүрөгү бат-бат жана катуу согот
  • Ичи өтөт
  • Этек кир цикли бузулат.

Ооруга диагноз кантип коюлат?

  • Калкан безин УЗИден көрөт
  • Гормондорго кан анализин тапшырат.

Ооруну дарылоо жолдору

Тиреотоксикоз түрүндө, калкан бези тиреоиддук гормондорду ашыкча иштеп чыгат. Бул учурда гормондордун өндүрүлүшүн азайтуучу препараттар дайындалат.

Гипотиреоздо, калкан бези тиреоиддук гормондорду жетишсиз көлөмдө өңдүргөндүктөн, организмдеги гормондордун жетишсиздигин компенсациялоо үчүн атайын дары-дармектер дайындалат.

Ошондой эле, хирургиялык жол менне дагы дарыланат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт