// //

Төрөтканада жатканымда, күйөөмдүн бул кылганын унутпайм

2021.01.11, 16:16
40127

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бүгүн “Ананайын” деген ырды уктум. Кечээ “Муйдусунан”, ага чейин Бек Борбиев агабыздын “Эркинайын” созгон. Өзү жалгыз келбей, тиги аккордеончу Баха, гитарист Жома, анан бийчи Нүкү досторун ээрчитип алат. Жанымдагы келиндер көңүлдөрү көтөрүлүп жатканын айтса, акушер эжелер кадимкидей сыртка чыгып алып бийлешет.

Кечээ палатама бир келин келди. “Күйөөңүзгө рахмат айтып коюңуз, ошонун ырын угуп жатып алаксып, төрөп жатып көп ооруну сезген жокмун”,-деди. 

Жанымда уктап жаткан тун балабыз. Суктанып карап отура берип уйкудан калдым. Медайым келип, “ай, эмиз, анан укта”,-дегенде чочуп кетем. Кээде баламды текшерүүгө көтөрүп кетишкенде, өзүмдү коерго жер таппай чыйпылыктайм.

Күйөөм боюмда бар экенин билгенден баштап жанымдан чыккан жок. Бейтапканага бир дагы жолу жалгыз барбадым. УЗИлерди дагы калтырбады. Сүрөткө тартырып алып тиктеп жата берет. Анан дагы анализдеримди өзү алып барып, өзү алып келет эле. 

“Ай, мунуң түнт го!” Туугандарыма турмушка чыгып жатканымды айтсам жигитимдин сүрөтүн сурашты. Көрсөтсөм билип-билбей туруп эле ушинтишти. “Силер анын ким экенин билбейсиңер”,-десем, адамды бир көрүп эле билип койсо болорун айтып, мурдуларын чүйрүштү. Маани бербедим деп калп айткым келбейт, аябай жаман болгом.

Эки күн толготтум. Уктабай жанымда болду. Ары-бери чуркап, улам-улам дарыгерлерден "өзү ушундай болушу керекпи, же шаарга алып барайынбы”,-деп жатты. Акушер эже дагы тамашакөй экен, “Америкага алып барыш керек”,-деп койсо, билети канча болорун сурап баарынын боорун эзиптир. “Күйөөңдүн ошончо акчасы барбы”,-дешсе, таң калып туруп калыпмын. Эмне болгонун кийин түшүнбөдүмбү.

Кыздуу болдук. Мени палатага которгондон бери тереземдин түбүнөн кетпейт. Күн сайын келип алып ырдайт. Буйруса эртең чыгам. Жанымдагы келиндер мен жок эми “скучно” болорун айтышты. Анысы чын.

Учурдан пайдаланып күйөөмө рахмат айткым келет. “Домпошкам”, мен сени жакшы көрөм. Сага турмушка чыкканыма эч качан өкүнбөйм. Ар дайым жанымда экениңди, эң негизгиси мени сүйөрүңдү сезем. Мага мындан башка эч нерсе кереги жок. Мени бактылуу кылганың үчүн чоң рахмат.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт