// //

Адамдын папиллома вирусу тууралуу сөзсүз билүү керек болгон фактылар

2020.12.21, 11:00
10404

Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекова адамдын папиллома вирусу тууралуу маалымат берип, ракка алып келеби же жокпу жана андан кантип коргонуу керектиги жөнүндө айтып берди.

Сексуалдык активдүү калктын 70-80% ы жуктурат

Адамдын папиллома вирусу - жыныстык жол аркылуу жугуучу, организмге түшөрү менен ар кандай ооруга алып келүүчү инфекциялардын бири. Орточо эсеп менен сексуалдык активдүү калктын 70-80% ы бул вирусту жуктурушат.

200дөн ашык түрлөрү бар

Учурда вирустун 200дөн ашык түрлөрү бар. Кээ бирлери онкогендүү вирустар, алар жатын моюнчасынын, аялдардын сырткы жыныс органдарынын (вульванын), жыныс кынынын ж.б. рак менен жабыркашына алып келет.

Вирустун башка түрлөрү төмөн онкогендик вирустар жана жыныс органдарынын сыртына сөөлдү пайда кылышы мүмкүн.

Энеден балага жугат

Көпчүлүк адамдын папиллома вирусу жыныстык катнаш аркылуу гана жугат деген жаңылыш пикирде болушат. Бирок, андан башка дагы жолдору көп. Мисалы, коомдук жайлардан, ошол эле банядан, жеке гигиенаны сактабагандан, кээде башкалардын жеке гигиеналык каражаттарын колдонгондо, бейтаптын денесине кол тийгизгенде дагы жугат.

Кош бойлуу эне бул вирустун алып жүрүүчүсү болсо, анда табигый төрөт учурунда балага өтүп кетиши мүмкүн. Мындай учурларда кесарево жасоого туура келет.

Көпчүлүк жуктуруп алганын билбейт

Вирус жукканда өзү жөнүндө эч кандай белги бербейт, организмде тымызын жашап жүрөт берет. Андыктан, көпчүлүк жуктуруп алганын билбей калат. Өтүшүп баштаганда анан белгилери чыга баштайт. Мисалы, кошулганда канайт, жагымсыз жаттанган суюктук бөлүнүп чыгат, ракка өтө баштаган учурда, ичтин, белдин, буттар оорушу мүмкүн. Ошондой эле, жыныс органдарында учтары учтуу сөөлдөр пайда болот.

Сактануунун үч жолу бар

Вирусту атайын тест тапшыруу менен билүү гана аныктоо мүмкүн. Бул учурда аялдар гинекологго, эркектер урологго кайрылышат. Алдын алуунун үч жолу бар:

  1. адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинация алуу
  2. эки жылда бир жолу рак клеткаларына, адамдын папиллома вирусуна анализ тапшырып, кольпоскопиядан өтүп туруу
  3. жыныстык катнаш учурунда презерватив колдонуу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт