// //

Эмне үчүн терминалга акча салсаң кайра чыгарып коет? Адис жооп берет

2020.12.16, 12:55
2279

ААК "Айыл Банктын" кардарларды тейлөө кызматынын жетектөөчү специалистти Диана Саматбекова түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын төлөм карталарына акча жөнөтүү тууралуу суроолорго жооп берди.

Картага жаңылыш которулган акчаны кайра чыгарып алсаң болобу?

Эгер өзүңүздүн картыңызга жаңылыш сумманы которуп алсаңыз, анда бизге келип арыз жазсаңыз чыгарып беребиз. Ал эми башка бирөө төлөм картыңызды толуктаган болсо, анда ал адам өзү эмес, сиз кайрылышыңыз керек болот. 

"Айыл банкта" төлөм карталарын толуктоонун кандай жолдору бар?

Бизде Элкарт төлөм картына накталай жана накталай эмес жөнөтүүлөр бар. Накталай болгондо, PAY24 терминалдарынан, "Айыл банктын" өзүнүн терминалдарынан жана касса аркылуу толуктайсыз. Ал эми накталай эмес болгондо, "Элкарт Мобайл" мобилдик тиркемеси аркылуу комиссиясыз картадан картага жөнөтө аласыз. 

Терминалдан картага кантип акча которот?

Терминалдан акча которуу оңой эле. Мисалы, PAY24 же "Айыл банктын" өзүнүн терминалдарынан "Банк кызматтары" дегенди басасыз, ал жерден "Картаны толуктоо" функциясы менен бирге "Айыл Банкты" тандайсыз. Анан картанын номерин терип, акчаны которосуз. Акча алуучуга бир-эки саатта келип түшөт. 

Эмне үчүн терминалга акча салсаң кайра чыгарып салат?

5000 сомдук, 2000 сомдук жаңы банкноталарды албай коюушу мүмкүн. Ошондой эле айрылып калган акчаны дагы албайт. Бул учурда кассага кайрылып, алмаштырып алсаңыз болот. 

Паспорту жок акча которсоң болобу?

Тилекке каршы, паспорту жок келген кардарларды тейлей албайбыз. Буга биздин эрежелерибиз жол бербейт. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт