Көздү компьютерден коргойбуз
Дүйнөдө көрүүсү начарлагандардын саны көбөйөт, бул тууралуу окмуштуулар коңгуроо кагышууда. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен барган сайын андан жабыркагандардын саны арбыйт. "Көздүн көрүүсүнө байланышкан маселени арзыбаган эле нерсе деген менен ал адам жашоосуна кадыресе таасир этет", "адамдын көз карандысыздыгын чектеп, унаа да айдай албай калышы мүмкүн". Дегеле көздү кантип эс алдырып, ага кандай кам көрүү керек?- офтальмолог, окулист Аида Аскеева окурмандардын суроолоруна жооп берет.
- Көздү кантип эс алдырып турууга болот, атайын көнүгүүлөр барбы, канча убакыт компьютердин алдында иштеп анан көздү эс алдырып туруш керек. Азыркы учурда кол телефондор, планшеттер менен сутка бою отургандар да бар?
Телефонду, сыналгыны, компьютерди дайыма узак убакытка көрсөң анын зыяны абдан чоң, өзгөчө түн жарымга чейин олтурганда көбүрөөк. Ал кийин кан тамыр дистониясына, депрессияга алып келет, гормоналдык бузулууларга, семирүүгө, көзгө гана эмес бут организимге зыянын тийгизет. Эмне үчүн көрүү начар боло башташы мүмкүн?- жакын аралыкта олтуруп көрүүдө көздү тырыштырып чыңалууга алып келет. Компьютер, телефон, сыналгыны көргөндө көздү көп ирмебейбиз, негизи бат-бат ирмеп туруу керек, ирмебеген да зыян. Телефонду көп караганда миопизацияга, депрессия, баш ооруга алып келет. Атайын көздү коргоочу көз айнек, линзалар бар, бирок алар 100% жардам берет деп айта албайм. Көзгө тамчылатуучу дарыларды колдонуу жакшы таасирин берет.
- Күнү кечке компьютерде отурам, ал аз келгенсип кечинде үйгө барганда соткамды түн жарымына чейин чукулап интернетте ар ким менен сүйлөшүп жатып анан араң уктайм. Бул көзүмдүн көрүүсүнө зыяны кандай болушу мүмкүн?
Кечке уюлдук телефонду тиктеп отуруу же жатуу, караңгыда компьютерде иштөө көздүн начарлоосун дагы күчөтүп, калыбына келтирүүгө болбой көп убакыт дарыланууну талап кылат. Менин силерге кеңешим нормалдуу уйкуга, тамактын сиңишине ээ болуш үчүн уктаарга бир саат калганда телефон, сыналгы көрбөй коюу керек. Уйкуга чейин көп убакыт телефондо отуруп, сыналгы көрсөң, уктагандан кийин деле түнү боюу кан тамырлар согуп башка ооруларды козгошу мүмкүн. Андан көрө бөлмөнү ирээттеп, эртеңки күнгө план түзүп, сабактарга даярданып, уюштуруу пландарын түзүп анан уктоо пайдалуурак. Интернетсиз деле жашоо болот да, буга короткон убакыт эч качан кайрылбайт, кийин өкүнөсүңөр анан.
Систейн деген көз үчүн тамчы дарысы бар, челекчедеги дары түгөнгүчө 3-4 маал тамчылатуу жардамын берет.
Көзгө жардам берүүчү көнүгүүлөр:
Жалюзи: Көздү тез жана жеңил түрдө 2 мүнөт ачып жумуу. Мындай көнүгүү көздөгү кандын айлануусуна пайдалуу.
Терезеге (айнеке) кароо: Желимден кичинекей тегерекче жасап, терезеге чаптап аласың. Андан кийин бир нече секунд терезеден алыстыкты карап алып, кайра чапталган тегеректи карайсың. Көз менен фокус алганга жакшы.
Чоң көздөр: Түз олтурасың. Көзүңдү 5 секунд бекем кысып кайра чоң кылып ачасың. Мындай көнүгүүнү 8 ден 10 жолу кайталайсаң бул ыкма көздүн булчуңдарын чыңдоого, кандын айлануусуна жардамын берет.
Суу менен укалоо: Күнүнө эртең менен кечинде суу менен көздү укалоо. Эртең менен- ысык суу (күйүп калбагыдай) укалап андан соң муздак суу менен. Уктаар алдында тескерисинче биринчи муздак суу анан ысык суу менен укалоо пайдалуу.
Көздү укалоо: Көздү жумуп колуңуз менен 1 мүнөттөй жай ушалайсыз. Бул көнүгүү көз булчуңдарынын иштешине жана кандын айлануусуна жакшы таасирин берет.