// //

Улам-улам УЗИ жасаткан зыянбы? Кош бойлуулук жөнүндө 7 миф

2020.10.16, 10:09
5699

Кош бойлуулукка байланышкан мифтер абдан көп. Алардын ичинен кайсынысы чын кайсынысы калп экенин билүү үчүн гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагиновадага кайрылдык.

  1. Боюңда бар кезде чачты кыркып, боегон болбойт деген чынбы?

Жок, бул калп. Чачты да тырмакты да кырка берсе болот. Ошондой эле чачты боесо болобу деп аябай көп сурашат. Ооба, болот. Бирок боектун курамында аммиак болбош керек.

  1. Улам-улам УЗИ жасата берген балага зыян деген чынбы?

Жок, бул боюнча далилдөөчү база жок. Физиологиялык жактан катардагы кош бойлуулук бологондо, УЗИге 3-5 жолу жөнөтөбүз.  Ультра добуш бул жогорку жышытыктагы толкундар. Биз аны уга албайбыз. Алар адамдын териси аркылуу өтүп, чагылышып, экранга сүрөт түрүндө көрсөтүлөт. Мындайда механикалык басуу болушу мүмкүн. Бул балага эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Ошондуктан УЗИ зыян деп айтуу негизсиз.

  1. Кош бойлуу аял зарна болуп жаткан учурда баланын чачы жана тырмагы өсүп жатат деген чынбы?

Жок, бул калп. Мен чынында мындай пикирдин пайда болушуна эмне негиз болгонун да түшунбөйм. Негизи зарна жатын өйдө көтөрүлүп, ашказанды кысып баштаганда рефлюкс деп аталган процесс орун алышы мүмкүн, ошондо аял зарна болот. Бул кош бойлуулуктун акыркы мөөнөттөрүнө байланыштуу жана баланын чачынын өсүшүнө тиешеси жок.

  1. Кош бойлуу аял этке талгак болсо эркек бала, таттууга талгак болсо кыз төрөлөт деген чынбы?

Бул жактан 50-50% деп айтсак болот. Мындай пикир биздин апаларыбыздын, чоң апаларыбыздын байкоосунан, салыштыруусунан улам келип чыкса керек. Кээде айткандай чыгып калат, чындап эле эт жеген келин уул төрөшү мүмкүн. Бирок бул 100% туура чыгат дегендик эмес.

  1. Кыздар энесинин сулуулугун тартып алат деген чынбы?

Жок, бул калп. Аял киши кыз менен кош бойлуу болгондо бетин сепкил басып, же безетки чыгышы мүмкүн. Ошону сулуулугун алып жатат, деп коюшат. Бирок, чынында андай эмес. Бетти сепкил басып кетсе деле уул төрөлүп же тескерисинче, өңү-түсү жакшынакай жүрүп деле кыз төрөлүп калышы мүмкүн.

  1. Кош бойлуу аялдын ичинин формасын карап, кыз же уул төрөлө турганын билсе болобу?

Мында деле 50-50% деп айтса болот. Бул да биздин апаларыбыз, чоң апаларыбыздын байкоолоруна негизделген. Ичи чучтуюп турса уул болот, жайылып турса кыз болот, деп коюшат. Кээде дал келишип калат. Бирок, мисалы эгер аял кишинин жамбаш сөөгү кууш болсо, кыз менен кош бойлуубу, уул менен кош бойлуубу, айырмасы жок, баары бир ичи учтуу, конус сыяктуу болот. Ошондуктан бул деле кээде туура чыкса, кээде жаңылыш болуп калат.

  1. Кызды көтөргөн жана төрөгөн ачуурак деп коюшат, бул чынбы?

Ооба, мында негиз бар. Кыз боюнда бар кезде толгоо ачуураак болот деп коюшат. Чынында кызбы же уулбу кош бойлуулук жана төрөттүн өзү бирдей эле өтөт. Бирок кыз балада толгоонун өзү салыштырмалуу сезимталдуураак болот. Ошондон улам кыз баланы көтөрүү жана төрөө оорураак деп айтылып калса керек. Андан тышкары бул адамдын ооруга болгон сезимталдуулугунан көз каранды. Мисалы аялдын организми абдан сезимтал болсо, кызбы уулбу, айырмасы жок, ал үчүн төрөт абдан оор болот. Кээ бир келиндердин ооруну сезгичтиги төмөн, алар кош бойлуулукту жана төрөттү жеңил көтөрүшөт. Мунун бардыгы индивидуалдуу.

Бул жактан Жыныстык катнаштан кийин бутту өйдө көтөрүп жатса тезирээк бойго бүтөбү? деген суроого жоопту окусаңыз болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт