// //

Коронавирустан кийин жыт билүү сезимин кантип кайтарса болот? Жөнөкөй ыкма

2020.09.17, 14:32
5253

Коронавирустун негизги симптомдорунун бири – жыт жана даам билүү сезимдеринин жоголушу. Мындай көрүнүш 2-4 жумага чейин созулуп, кийин бардыгы кайра өз ордуна кайтып келет. Бирок айрым бейтаптардыкы ооругандан бери 2-3 ай өтсө да жыт билүү сезими ошо бойдон пайда болгон жок. Мындай учурда эмне кылуу керек? Бул суроого оториноларинголог Владимир Пак жооп берди.

Эмне үчүн коронавирустан кийин жыт билүү сезими жок болуп калат?

Чынында бир нече теория бар. Биздин батыштагы кесиптештерибиз март- апрель айларында эле муну болгону мурун көңдөйүнүн жогорку тарабындагы шишик (отек) деп сүрөттөп, мындан жыт билүү нервине залака тийбейт деген корутундуга келишкен.

Бирок андан бери бир нече ай өтсө да айрымдардын жыт билүү сезими кайтпай жаткандыгы тууралуу маалыматтар келе баштаган. Демек жыт билүү нервине да доо кеткен.

Жыт билүү сезимин жоготуу организмге кандай таасирин тийгизет?

Бул алтынчы сезим. Аны жоготуу чынында жашообуздун сапатын кыйла төмөндөтөт. Негизгиси, тамактын даамын сезбей калабыз. Айрым адамдардын кесиби жыт-даам билүү сезимдерине байланышкан. Мисалы ашпозчулар, же газ тармагында иштегендер. Алар газдын жытын сезбей калышат, бул өтө кооптуу.

Жыт билүү сезими жок болгондо эмне кылыш керек?

Жыт билүү сезимин кайтаруу тренинги covid-19га чейин эле иштелип чыккан. Ал баштан травма алганда жана вирустук инфекциялардын кесепеттеринен кутулуу максатында колдонулуп келген. Эгер коронавирустук инфекция да респиратордук вирус экенин жана жабыркоо механизми да дал ошондой экенин эске алсак, демек, жыт билүү тренингинин методикасын колдонсок болот.

Жыт билүү тренинги:

  • Жыт билүу тренингин үй шартында эле ар бир адам жасай алат.
  • Ал үчүн эфир майлары керектелет.
  • Даарыканада баасы 50-75сом.
  • Кеминде 4 жыт алуу керек.
  • Кебезге бир нече тамчы тамчылатабыз.
  • Капкагы бекем жабылган идишке салып 20 секундга чукул жыттайбыз.
  • Андан кийин 30 секунд тыныгып, экинчи жытты 20 секунд жыттайбыз.
  • Эфир майларын жыттап жаткан учурда ошону элсететип визуализация кылууга аракет кылуу зарыл.
  • Бул мээдеги жаны нейрон байланыштарын калыптандырып, жыт билүу сезимин кайтарат.
  • Бул тренингди күнүнө 2-8 жолу жасап туруу сунушталат.
  • Тренингдин каршы көрсөтмөлөру жок, ошондуктан узак убакытка чейин жасай берсе болот.

 Эгер үч айдан кийин жыт билүү сезими кайтып келбесе, эфир майларын алмаштырып көрүңүз. Теорияга ылайык нерв байланыштарын 6 айдын ичинде калыбына келтирүүго аракет кылуу зарыл. Жарым жылдан кийин бул нерв атрофия болот, башкача айтканда иштебей калат. Ошондуктан ага стимул берип туруу зарыл.

Тренингден тышкары дагы кандай чараларды көрүү керек?

Эл аралык уюмдар биринчи орунга жыт билүү тренингин коюп жатышат. Бул далилденген жана абдан эффективдүү ыкма.

Андан тышкары “В” тобундагы витаминдерди ичүү керек. Ошондой эле метоболизмди жакшыртуучу препараттарды ичсе болот.

Эмнелерди жасаганга болбойт?

Ингаляция жасап, ысык аба, буу менен дем алган болбойт. Бул жардам бербейт. Тескерисинче, күчөтүп жиберишиңер мүмкүн. Анткени жыт билүү нервин ого бетер жабыркатып салуу коркунучу туулат.

Өтө курч жыттарды да жыттаган болбойт. Ошондой эле абдан катуу чимкирүү сунушталбайт. Андан кулакка күч келип тарсылдакты жарып салышыңар мүмкүн.

Жыт билүүнү калыбына келтирүү үчүн канча убакыт керектелет?

Эгер тренингди туруктуу жасаса, орто эсеп менен 1-3 айда жыт билүү сезими кайтып келет.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Владимир Пак менен инстаграмдагы @Vladimir_md баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Бул жактан окусаңыз болот:

Биринчи жардам: Кулак ооруганда эмне кылуу керек? 

Биринчи жардам: Тиш ооруганда эмне кылуу керек? 

Биринчи жардам: Денең күйгөндө эмне кылуу керек?

Биринчи жардам: Колду кесип алганда эмне кылуу керек? 

Биринчи жардам: Инсульттун белгилери жана кандай чара көрүү керек? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт