// //

Көңүлдү бир жерге концентрация кылуу үчүн 4 көнүгүү

2020.07.30, 08:47
2564
  1. Дем алуу

Түздөнүп, ыңгайлуу отуруңуз. Дем алып жатканыңызга көңүл буруңуз. Аба мурдуңуз аркылуу кирип, көкүрөк өйдө көтөрүлүп, кайра ылдый түшкөнүн байкаңыз. Башка ойлорго алаксыганга болбойт. Көңүлдү ойнок күчүк катары кабыл алып, башка ойлорго жетеленген сайын, кайра артка тартып туруу керек.

  1. Басуу

Жөн эле басып баратып деле басыгыңызды байкаңыз. Буттун жерге тийгенин, бетке жеңил шамал үйлөп жатканын сезиңиз, тегеректеги добуштарга кулак салгыла.

  1. Денени сканерден өткөрүү

Мисалы, көңүл бурууну жарык берүүчү фонарь, анын жарыгын чачып организмди баштан аяк изилдеп чыгуу зарыл, деп элестетиңиз. Алгач буттагы манжалардан баштаган оң. Акырындык менен өйдө жылыңыз, фонариктин жарыгынан тийген жылуулукту элестетүүгө аракет кылыңыз.

  1. Айлана чөйрөгө байкоо жүргүзүү

Бул жөндөм тегеректе болуп жаткан окуяларды жаңыдан байкоого жардам берет. Анализдеп, ой жүгүртүү керек эмес, жөн гана байкоо жетиштүү. Ойлор, эмоциялар, санаалар, калкып, бир темпте көз алдыңардан өтүп кете берсин. Эч бирине токтолбоңуз, дароо кое бериңиз.

Буларды ишке ашыра албай жатсаңыз эмне кылуу керек?

Сиз бул көнугүүлөрдүн бардыгын жасап көрдүңүз, бирок баары бир бир нерсеге көңүл буруу оор болуп жатабы? Капа болбогула, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сизге жөн гана убакыт жана практика керек. Акырындык менен үйрөнүп аласыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт